Загрузка документа…
КѲК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кѳк-Жаңгак шаардык кеңештин IX чакырылышынын
кезектеги VI сессиясынын
2025-жыл 14-февралы №6/6
Көк-Жаңгак шаарындагы Рабочая көчөсүндөгү 0,82га жер
тилкесин шаардык муниципалдык менчик департаментинин
балансына алуу жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын 04.02.2025 жылдагы № 01-6/245 катынын жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш инвестиция тартуу, жер, коммуналдык
чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 10.02.2025ж. кеңешмесинде каралганы жөнүндө белгилеп, Көк-Жаңгак шаардык кенеши токтом кылат:
1. Көк-Жаңгак шаарынын Рабочая көчөсүнүн жогорку тарабындагы 0,82га болгон бош турган жер тилкеси муниципалдык менчик департаментинин балансына алынсын.
2. Реестрге киргизүү жагы муниципалдык менчик департаментинин жетекчиси И.Абдурасуловго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышы шаардын мэри Замирбек уулу Сыргака милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Көк-Жаңгак шаардык кеңештин экономика-өндүрүш инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кѳк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы: |
Исмаилов Б.М. |