Загрузка документа…
КѲК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кѳк-Жаңгак шаардык кеңештин IX чакырылышынын
кезектеги VI сессиясынын
2025-жыл 14-февралы №6/7
Көк-Жаңгак шаарындагы эски «Шахтер» кинотеатрынын
0,18га жер тилкесин шаардык муниципалдык менчик
департаментинин балансына алуу жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын 12.02.2025 жылдагы № 01-6/330 катынын негизинде Көк-Жаңгак шаарынын 23-кварталындагы жайгашкан эски «Шахтер» кинотеатрдын ордун 0,18га жер тилкесин муниципалдык менчик департаментинин балансына өткөрүп берүү жөнүндө карап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кенеши токтом кылат:
1. Көк-Жаңгак шаарынын 23-кварталында жайгашкан эски «Шахтер» кинотеатрдын ордун 0,18га жер тилкеси муниципалдык менчик департаментинин балансына алынсын.
2. Реестрге киргизүү жагы муниципалдык менчик департаментинин жетекчиси И.Абдурасуловго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышы шаардын мэри Замирбек уулу Сыргака милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Көк-Жаңгак шаардык кеңештин экономика-өндүрүш инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын милдетендирилсин.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кѳк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы: |
Исмаилов Б.М. |