Загрузка документа…
КѲК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кѳк-Жаңгак шаардык кеңештин IX чакырылышынын
кезектеги VI сессиясынын
2025-жыл 14-февралы №6/8
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине
караштуу Финансы-кредиттик фонду менен күрөө
келишимин түзүүгө белгиленген тартипте макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018 жылдын 4-июлдагы №237-р токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын оротосундагы 2024 жылдын 26-декабрндагы субкредиттик №19-04-01/65 келишимдин негизинде алынган беш теникалык автотетиктерин күрөөгө коюуга келишим түзүүгө макулдук берүү жөнүндө Көк-Жаңгак шаарынын мэриясынын 2025 жылдын 13 февралындагы № 01-6/345 кайрылуусун карап талкуулап, Көк-Жаңгак шаардык кенеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-октябрындагы №619-т тескемесине ылайык, «Кыргыз Республикасынын суу секторунун туруктуулугун жогорулатуу программасы» долбоору боюнча жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Көк-Жангак шаарынын мэриясынын ортосундагы түзүлгөн 2024-жылдын 26-декабрындагы №19-04-01/65 Субкредиттик келишимдин негизинде, кредиттик жана гранттык каражаттарга сатылып алынган жабдууларды жана техникаларды Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фондуна күрөөгө коюуга макулдук берилет.
2. Көк-Жаңгак шаардык мэриясы тарабынан бюджеттик кредитин максаттуу жана натыжайлуу пайдаланышып жана субкредиттик макулдашуунун шарттарына ылайык өз убагында кайтарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кѳк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы: |
Исмаилов Б.М. |