Загрузка документа…
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 31-декабры № 47
Кара-Балта шаардык кеңешинин 2024- жылдын 19- апрелиндеги №11
токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кара-Балта шаарынын мэринин орун басары Н.Рыскулбек уулунун маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024- жылдын 24- декабрындагы №833-р буйругун аткаруу үчүн, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 39-беренесине, 67- беренесине ылайык, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 19- беренесине ылайык, Кара – Балта шаарынын мэриясынын 2024- жылдын 31- декабрындагы № 01-5/2463 катынын негизинде, Кара-Балта шаардык кеңештин кезексиз сессиясыинского городского кенешасессиясынын
ТОКТОМ КЫЛАТ;
1. Кара-Балта шаарын 2024- жылга социалдык- экономикалык өнүктүрүү Программасын ишке ашыруу боюнча Кара-Балта шаарынын мэриясынын иш-чаралар планы республикалык бюджеттин 1000,0 млн. сомго максаттуу трансферттерин эске алуу менен жаңы редакцияда бекитилсин, ушул токтомдун тиркемесине ылайык.
2. “Суу түтүк тутумун реконструкциялоо жана алмаштыруу жана канализацияны куруу”долбоорун аяктоо боюнча аткаруучу болуп Кара-Балта шаардык мэриясынын алдындагы “Кара-Балта суу- канал” муниципалдык ишканасы жана Кара-Балта шаардык мэриясынын алдындагы Маданият, спорт жана муниципалдык менчик башкармалыгы аныкталсын.
3. Кара-Балта шаарынын мэриясы Кара-Балта шаардык мэриясынын алдындагы “Кара-Балта суу- канал” муниципалдык ишканасына 26,5 млн.сом суммасында (10- пункттан) акча каражаттарынын калдыгын жөнөтсүн.
4. “Жолдорду оңдоо” долбоорун аяктоо боюнча аткаруучу болуп “Жол курулуш башкармалыгы”муниципалдык ишканасы аныкталсын.
5. Кара-Балта шаарынын мэриясы “Жол курулуш башкармалыгы” муниципалдык ишканасына 29,0 млн.сом суммасында (11- пункттан) акча каражаттарынын калдыгын жөнөтсүн.
6. Кара-Балта шаарынын мэриясы, МСжана ММБ, “КСК” МИ, “ЖКБ” МИ Планды жаңы редакцияда аткаруу үчүн бардык тиешелүү иш-чараларды жүргүзсүн.
7. Бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу жана муниципалдык менчикти көзөмөлдөө максатында, ошондой эле автобустарды сатып алуу үчүн трансферттик каражаттардын эсебинен Жол курулуш башкармалыгына 25,5 млн. сом бөлүнсүн.
8. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
9. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, муниципалдык менчик, экономика, финансы жана инвестиция боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына тапшырылсын.
__________________________________________________
Таркатылсын: Кара-Балта шаарынын мэриясына, КР ЧБЮБ.
Кеңештин төрагасы | М. Дуйшеналиев |