Загрузка документа…
БОЛОТ МАМБЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Болот Мамбетов айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
VIII чакырылышынын II сессиясы
2024-жылдын 24-декабрындагы № 18
Болот Мамбетов айыл аймагынын Эшперов айылындагы Жумаш Эшперов атындагы маданият үйүнѳ Токоев Алымбек атанын сүрѳтүн илүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, Мүлккѳ муниципалдык менчик жѳнүндѳ” жана “Жергиликтүү кеӊештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарына ылайык Эшперов айылынын тургуну Алымбеков Тимур Алымбековичтин кайрылуусунун негизинде талкуулап Болот Мамбетов айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Болот Мамбетов айыл аймагынын Эшперов айылындагы Жумаш Эшперов атындагы маданият үйүнѳ Токоев Алымбек атанын сүрѳтү илинсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Болот Мамбетов айыл Өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Болот Мамбетов жергиликтүү Кеңешининин мандат, закондуулук, мыйзамдуулук, мамлекеттик жана коомдук тартипти сактоо, этика жана диний иштер боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасына жүктѳлсүн.
Тѳрага М.Жунушалиев