Загрузка документа…
БОЛОТ МАМБЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Болот Мамбетов айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
VIII чакырылышынын II сессиясы
2024-жылдын 24-декабрындагы № 19
Болот Мамбетов айыл аймагынын жергиликтүү
Кеӊешинин Типтүү Регламентин бекитүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеӊештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ”, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы №256 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринини депутаттарын шайлоону дайындоо жѳнүндѳ” Жарлыгын жетекчиликке алып, жергиликтүү кеңеш токтом кылат:
1.Болот Мамбетов айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин Регламенти бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Болот Мамбетов айыл аймагынын башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Болот Мамбетов жергиликтүү Кеңешининин мандат, закондуулук, мыйзамдуулук, мамлекеттик жана коомдук тартипти сактоо, этика жана диний иштер боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасына жүктѳлсүн.
Тѳрага М.Жунушалиев