Загрузка документа…
БОЛОТ МАМБЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Болот Мамбетов айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
VIII чакырылышынын II сессиясы
2024-жылдын 24-декабрындагы № 22
Болот Мамбетов Айыл ѳкмѳтүнѳн кепилдик кат менен
жылдырылган 1043948 сом акча каражаты жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Бюджет Кодексине” жана “Жергиликтүү кеӊештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарына ылайык, Болот Мамбетов айыл ѳкмөтүнүн Финансы экономика жана социалдык ѳнүгүү бѳлүмүнүн башчысы М.Кубанычбекованын маалыматын угуп, талкуулап жергиликтүү Кеңештин сессиясы токтом кылат:
Болот Мамбетов айыл өкмөтүнө Республикалык бюджеттен бөлүнгөн Жунушов Жолдошбек атындагы №12 мектепке чейинки билим берүү уюмуна 70911-бөлүмүнѳ 1 043 948 ( бир миллион кырк үч миң тогуз жүз кырк сегиз) сомду төмөндөгүдѳй бөлүмгө бөлүштүрүлсүн.
1. Бала бакча -70911-бөлүмүнүн 2111100 – “Туруктуу кызматкерлердин эмгек акысы” беренесине Темир-Канат айылынын Жунушов Жолдошбек атындагы №12 мектепке чейинки билим берүү мекемесинин кызматкерлерине ноябрь жана декабрь айы үчүн эмгек акысы 380 083 ( үч жүз сексен миң сексен үч) сом.
2. Бала бакча -70911-бөлүмүнүн 21211100- “Социалдык фондго тѳгүмдѳр” беренесине Темир-Канат айылынын Жунушов Жолдошбек атындагы №12 мектепке чейинки билим берүү мекемесинин кызматкерлерине ноябрь жана декабрь айы үчүн социалдык фондго чегерүүгѳ 65 471 ( алтымыш беш миң тѳрт жүз жетимиш бир) сом
3. Бала бакча -70911-бөлүмүнүн 31123210 – “Эмерек сатып алуу” беренесине Темир-Канат айылынын Жунушов Жолдошбек атындагы №12 мектепке чейинки билим берүү мекемесине эмерек жабдууларын сатып алууга 486 694 ( тѳрт жүз сексен алты миң алты жүз токсон тѳрт) сом
4. Бала бакча -70911-бөлүмүнүн 22221200- “Учурдагы чарбалык максаттар үчүн башка буюмдарды жана материалдарды алуу”беренесине Канат айылынын Жунушов Жолдошбек атындагы №12 мектепке чейинки билим берүү мекемесине эмерек жабдууларын сатып алууга 111 700 ( бир жүз он бир миң жети жүз) сом планга киргизилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Болот Мамбетов айыл аймагынын башчысы Р.Кылжыровго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Болот Мамбетов жергиликтүү Кеңешининин пландоо, бюджет жана экономикалык реформа, инвестиция тартуу маселелери боюнча комиссиянын тѳрагасы А.Дүйшембиевага тапшырылсын.
Тѳрага М.Жунушалиев