Загрузка документа…
БОЛОТ МАМБЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Болот Мамбетов айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
VIII чакырылышынын II сессиясы
2024-жылдын 24-декабрындагы № 24
Шабданов Бейшенбек Касымбековичтин кайрылуусун кароо жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Бюджет Кодексине” жана “Жергиликтүү кеӊештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарына ылайык, Болот Мамбетов айыл аймагынын “Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын” тѳрагасы Б.Шабдановдун кайрылуусун угуп, талкуулап жергиликтүү кеңештин сессиясы токтом кылат:
1. Болот Мамбетов айыл аймагынын Тѳрт-Күл айылындагы “Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын” жыйынтыктоочу конференциясынын протоколу бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Болот Мамбетов айыл аймагынын “Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын” тѳрагасы Б.Шабдановго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Болот Мамбетов жергиликтүү Кеңешининин пландоо, бюджет жана экономикалык реформа, инвестиция тартуу маселелери боюнча комиссиянын тѳрагасына тапшырылсын.
Тѳрага М.Жунушалиев