Загрузка документа…
БОЛОТ МАМБЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Болот Мамбетов айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
VIII чакырылышынын II сессиясы
2024-жылдын 24-декабрындагы № 26
Болот Мамбетов айыл Өкмөтүнүн бюджетинин 2024-жылда
киреше-чыгашасынын аткарылышы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ”, Мүлккѳ муниципалдык менчик жѳнүндѳ”, Кыргыз Республикасынын “Бюджет Кодексине” жана “Жергиликтүү кенештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарына ылайык Болот Мамбетов айыл ѳкмөтүнүн Финансы экономика жана социалдык ѳнүгүү бѳлүмүнүн башчысы М.Кубанычбекованын маалыматын угуп, талкуулап жергиликтүүкеңештин сессиясы токтом кылат:
1. Болот Мамбетов айыл Өкмөтүнүн бюджетинин 2024-жылдын 23-декабрына киреше-чыгашасынын аткарылышы канагаттандыраарлык деп табылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышы Болот Мамбетов айыл аймагынын башчысы Р.Кылжыровго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Болот Мамбетов жергиликтүү Кеңешининин пландоо, бюджет жана экономикалык реформа, инвестиция тартуу маселелери боюнча комиссиянын тѳрагасы А.Дүйшембиевага тапшырылсын.
Тѳрага М.Жунушалиев