Загрузка документа…
БОЛОТ МАМБЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Болот Мамбетов айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
VIII чакырылышынын II сессиясы
2024-жылдын 24-декабрындагы № 27
Болот Мамбетов айыл Өкмөтүнѳ караштуу Туура-Суу айылын кеңейтүү максатында трансформацияланып жаткан 11,43 га жер аянтынын багытын “Калктуу конуш” багытына которуу жѳнүндѳ.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ”, Мүлккѳ муниципалдык менчик жѳнүндѳ”, Кыргыз Республикасынын “Бюджет Кодексине” жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарына ылайык Болот Мамбетов айыл ѳкмөтүнүн жерге жайгаштыруу, муниципалдык менчикти башкаруу боюнча башкы адис Казаков Кумар Туйбаевичтин сунушун угуп, талкуулап жергиликтүү Кеңештин сессиясы токтом кылат:
1. Болот Мамбетов айыл Өкмөтүнѳ караштуу Туура-Суу айылын кеңейтүү максатында трансформацияланып жаткан Туура-Суу айылынын Суук-Булак участкасындагы №223 контурдагы жалпы 12,50 га “Айыл чарба багытындагы жерлер” жайыт жер тилкесинен 11,43 га жер аянты “Калктуу конуш” багытына которулсун.
2.Бул токтомдун аткарылышы Болот Мамбетов айыл аймагынын айыл ѳкмѳт башчысы Р.Кылжыровго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду Ысык-Көл областтык юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы жергиликтүү кеңештин жооптуу катчысы Г.Садыровага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Болот Мамбетов айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин Жер жана агрардык маселелер, ѳнѳр жай, курулуш, жол, ЖКХ элге кызмат кѳрсѳтүү боюнча комиссиянын тѳрагасына тапшырылсын.
Тѳрага М.Жунушалиев