Загрузка документа…
БОЛОТ МАМБЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Болот Мамбетов айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
VIII чакырылышынын II сессиясы
2024-жылдын 24-декабрындагы № 28
Болот Мамбетов айыл Өкмөтүнѳ караштуу жер тилкелеринин
тарифтерин бекитүү жѳнүндѳ.
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, Айыл чарба жана кайра иштетүү ѳнѳр жайы министрлигине караштуу Ысык-Кѳл облусунун Тоң районунун Агрардык ѳнүктүрүү башкармалыгынын 28.11.2024-жылдагы №01-7/104 катынын негизинде Болот Мамбетов айыл ѳкмөтүнүн жерге жайгаштыруу, муниципалдык менчикти башкаруу боюнча башкы адис Казаков Кумар Туйбаевичтин маалыматын угуп, талкуулап жергиликтүү Кеңештин сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, Айыл чарба жана кайра иштетүү ѳнѳр жайы министрлигине караштуу Ысык-Кѳл облусунун Тоң районунун Агрардык ѳнүктүрүү башкармалыгынын 28.11.2024-жылдагы №01-7/104 катынын негизинде тѳмѳндѳгүдѳй тариф менен бекитилсин.
А) сугарылган жерлер 236х30=7080 сом;
Б) сугарууга кыйын жерлер 236х30=4720 сом;
В) сугаруунун жоктугу 236х10=2360 сом;
Г) кайрак айдоо жерлер 39,2х30=1176 сом;
Д) кѳп жылдык бактар 119х30=3570 сом;
Е) чѳп чабындылар 20,4х30=612 сом
2.Бул токтомдун аткарылышы Болот Мамбетов айыл аймагынын айыл ѳкмѳт башчысы Р.Кылжыровго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду Ысык-Көл областтык юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы жергиликтүү кеңештин жооптуу катчысы Г.Садыровага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Болот Мамбетов айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин Жер жана агрардык маселелер, ѳнѳр жай, курулуш, жол, ЖКХ элге кызмат кѳрсѳтүү боюнча комиссиянын тѳрагасына тапшырылсын.
Тѳрага М.Жунушалиев