Загрузка документа…
БОЛОТ МАМБЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Болот Мамбетов айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
VIII чакырылышынын II сессиясы
2024-жылдын 24-декабрындагы № 29
Мамлекеттик фондунун кайра бѳлүштүрүү жерлерин тооруктук конкурстун негизинде ижарага берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” Мыйзамынын 31-беренесинин 4-бѳлүмүнѳ ылайык, Болот Мамбетов айыл ѳкмөтүнүн жерге жайгаштыруу, муниципалдык менчикти башкаруу боюнча башкы адис Казаков Кумар Туйбаевичтин сунушун угуп, талкуулап жергиликтүү Кеңештин сессиясы токтом кылат:
1. Болот Мамбетов айыл аймагынын мамлекеттик фондунун кайра бѳлүштүрүү жерлеринин ижара мѳѳнѳтү бүткѳндүгүнѳ байланыштуу
1.1 Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 токтомунун негизинде Тоорук аркылуу “Конкурстук” негизде 2025-жылдын февраль айынын ичинде ѳткѳрүлсүн.
1.2 Мамлекеттик фондунун айыл чарба жерлерин ижарга берүүдѳ Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 7-беренесинин 5-бѳлүгүнѳ ылайык ижара акысын, жер салыгын ѳз убагында тѳлѳгѳн ижарачыларга 1 жылдык мѳѳнѳткѳ (2024-жылдын 30-ноябрь айына чейин) узартылсын.
2. Мамлекеттик фондунун айыл чарба жерлерин “Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү ѳнѳр жайы министрлигине” ѳткѳн жерлеринин мѳѳнѳттѳрү бүтүп, бирок конкурска катышпай калган жерлер 1 жылдык мѳѳнѳткѳ узартылып берилсин.
3. Ижара акысына: а) Үстүнкү ѳрѳѳндѳгү айылдарга 2500 сомдон ылдый,
б) Астынкы ѳрѳѳндѳгү айылдарга 4000 сомдон ылдый коюлбасын.
4. Мамлекеттик фондунун айыл чарба жерлеринин “Келечек планы” бекитилсин.
5.Бул токтомдун аткарылышы Болот Мамбетов айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Кылжыровго милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Болот Мамбетов жергиликтүү Кеңешинин жер жана агрардык маселелер, өнөр жай, курулуш, жол, ЖКХ элге кызмат көрсөтүү боюнча комиссиянын тѳргагасы С. Карымшаковго тапшырылсын.
Тѳрага М.Жунушалиев