Загрузка документа…
ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИНИН XXVIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН №4-КЕЗЕКТЕГИ СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 26-июлундагы №23
2024-жылдын жергиликтүү бюджетинин 6 айлык жыйынтыгы менен иштин муктаждыгына акча каражатын бекитүү жѳнүндѳ
Оргочор жергиликтүү бюджетинин 2024-жылдын 6 айлык аткарылышы боюнча айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Ж.Жумашовдун жана финансы пландоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Турдубек уулунун аймакта аткарылып жаткан жана аткарууга алына турчу иштер боюнча билдирүүлөрү угулуп, жергиликтүү кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:
1) Жалпы 111млн. сом бюджеттин эсебинен аткарылган иштерден кийин үнѳмдѳлгөн жана штаттын кыскартылганы менен келип чыккан акча каражаты төмөндөгү суммада бекитилисин:
- Оргочордун -724,0 (жети жүз жыйырма төрт миң) сом
- Светлая Поляна -542 (беш жүз кырк эки миң) сом
- Ак-Дөбө -916,0 (тогуз жүз он алты миң) сом
- Ак-Шыйрак-790, 0 (жети жүз токсон миң) сом
1. Үнөмдөлгөн акча каражатын айыл өкмөт башчысы Ж.Жумашовго аймактагы иштин муктаждыгын аныктоо менен максаттуу пайдаланууга жана жасала турчу иштерге акча каражатын өзү тууралап иш алып баруу (Тилекмат айылынын ФАПынын көмүр канасына, Оргочор айылынын стимгранд менен жасалып жаткан жолуна, Аң-Өстөн айылынын мектеби болуп жасалып жаткан маданият үйүнүн ремонтуна, Чоң-Кызыл-Суу айылындагы ФАПына өздүк салымына, Ак-Шыйрак айылынын көйгөйлөрүнө, бала бакчалардын тамак ашы менен көмүрү, Боз-Бешик айылынын көмөкчү чарбасына, 2 УЗИге ветеринар врачтарга) акча каражатын тууралап, калыстап карап бөлүп берүү жагы жүктөлдү.
2. Материалдык жардам сурап кайрылгандарга:
- Аң-Өстөн айылынын тургуну Сариев Талантбектин курулуп баштаган үйүн бүтүрүүгө материалдык жардам көрсөтүлсүн.
- Аң-Өстөн айылынын тургуну анкология менен ооруп кайрылган Молдыбаева Дамиранын дарылануусуна 50,0 сом материалдык жардам берилсин;
- Тилекмат айынынын тургуну жалгыз бой эне Чүрөкова Назгүл- 30,0 миң сом материалдык жардам берилсин;
- Оргочор айылынын тургуну маданият үйүнүн жетекчиси Жакибаев Нурландын келинчегинин дарылануусуна 50,0 сом материалдык жардам берилсин
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөдөө Финансы пландоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага А.Тыныбеков