ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИНИН XXVIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН №6-КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 10-сентябрындагы № 30
“Мектепке чейинки билим берүү уюмун өзгөртүп түзүү, уктоочу бөлмөлөрдү оптимилизациялоо” жөнүндө
“Кыргыз Республикасында балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу боюнча чаралар” долбоорунун этап этабы менен ишке ашыруу боюнча тандалып алынган мектепке чейинки билим берүү уюмулардын тизмегинде Жети-Өгүз району боюнча Оргочор айыл аймагындагы Боз-Бешик айылынын “Алтын бешик” жана Аң-Ѳстѳн айылынын Кулуйпа Алымбекова атындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдары киргендиги жана Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын каты боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Жумашовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, жергиликтүү кеңештин сессиясы токтом кылат:
- “Мектепке чейинки билим берүү уюмун өзгөртүп түзүү, уктоочу бөлмөлөрдү оптимилизациялоо” долбоору, Жети-Өгүз району боюнча этап этап менен өтөөрү жана Оргочор айыл аймагындагы Боз-Бешик айылынын “Алтын бешик” жана Аң-Ѳстѳн айылынын Кулуйпа Алымбекова атындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдары 2024-жылдын ноябрь айы менен ишке ашырыла тургандыгы эске алынсын жана макулдук берилсин.
- 2024-жылдын ноябрь айына чейин Боз-Бешик айылынын “Алтын бешик” жана Аң-Ѳстѳн айылынын Кулуйпа Алымбекова атындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери А.Асанкожоева, К. Дыйканбаевага сматалары даярдалып, айыл өкмөт башчысы Ж.Жумашов менен макулдашуу жагы тапшырылсын.
- “Мектепке чейинки билим берүү уюмун өзгөртүп түзүү, уктоочу бөлмөлөрдү оптимилизациялоо” долбооруна тиешелүү акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңештин финансы пландоо туруктуу комиссиясына жана социялдык маселелер боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага А.Тыныбеков