Загрузка документа…
ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИНИН XXVIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН №6-КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 10-сентябрындагы № 36
Иштин муктаждыгына жараша акча каражатын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жөнүндөгү” ПЖ №256 Жарлыгынын негизинде, Оргочор жергиликтүү кеңеши мөөнөтүнөн мурда таркатылып жаткандыгына байланыштуу айыл аймактагы жасала турчу иштер токтоп калбоо максатында акча каражаттарын жасала турчу иштерге карап берүү боюнча Оргочор айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Жумашовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, жергиликтүү кеңештин сессиясы токтом кылат:
1) Алыбаков мектеби дем берүүчү гранд менен капиталдык ремонттон өтүүдө. Электр чубалгылары сметага кирбей калгандыктан. Үнөмдөлгөн акча каражаттын эсебинен жардам берилсин;
2) Ак-Дөбө айыл аймагы кезде лизинг менен 2 комбайн жана 1 эксковаторго кредитин жабууга тиешелүү акча каражаты бөлүнүп берилсин;
3) Оргочор гаражы менен кырманы боюнча акча каражаты чечилип, аткарууга алынсын;
4) Оргочор айыл аймагындагы социялдык объектилердин кышка электр энергия боюнча даярдыгына (Точка, резетка ж.б.) жабдыктары менен камсыздалышсын;
5) Ак-Шыйракта Старлингинтернет 134,0 миң сом обоненттик төлөм 6400 сом экен. Үнөмдөлгөн акча каражат менен интернет койдурууга акча каражатын карап бөлүнүп берилсин.
6) Купка курууга акча каражаты 2млн. сомго чукулдап кеткенин эске алуу менен, ордуна 2 даана трансбой 44,0 миң сомго алууга статьядан статьяга акча которууга макулдук берилсин.
7) Боз –Бешик жана Аң-Өстөн айылындагы бала бакчаларды оптимациялоого макулдук берилсин жана керектелүүчү акча каражатын айыл өкмөт башчы Ж.Жумашов бала бакча жетекчилери менен биргеликте ишке ашыруу жагы каралсын. Бала бакча жетекчилери керектелүүчү акча каражатына смета даярдап, айыл өкмөт башчы менен макулдашылсын.
2. Жыл аягына чейин жергиликтүү бюджетке кошумча акча каражатынын түшүүсүнө жараша, аймактагы көйгөйлөргө акча каражатын максаттуу пайдаланууга айыл өкмөт башчысы Ж.Жумашовго макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңештин финансы пландоо туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А.Тыныбеков