Загрузка документа…
ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИНИН XXVIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН №6-КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 10-сентябрындагы № 37
Оргочор айыл аймагындагы Чоң-Кызыл-Суу айылындагы
тоют ороосу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 “Кыргыз Республикасынын айылдык аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде администрациялык-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгынын негизинде төрт айыл ѳкмѳтү (Ак-Дѳбѳ, Ак-Шыйрак, Оргочор, Светлая Поляна) биригип, Оргочор айыл аймагы болуп түзүлгөнүнө байланыштуу, мурдагы Светлая Поляна айыл аймагынынын Чоң-Кызыл-Суу айылындагы сатыкка коюлган тоют ороосу боюнча, Светлая Поляна айылынын айыл башчысы У.Искаковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, жергиликтүү кеңештин сессиясы токтом кылат:
1. Мурдагы Светлая Поляна айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын 2024-жылдын 13-январындагы “ Чоң-Кызыл-Суу айылындагы тоют ороосу жөнүндө” №112 токтомунун негизинде Чоң-Кызыл-Суу айылындагы 2021200140040 кодундагы №949 контурдагы тоют ороосу сакталуучу 1000,0 чарчы жер аянтын аукционго коюга уруксат берилгени эске алынсын.
2. Мурдагы Светлая Поляна айыл аймагы жоюлуп, Оргочор айыл аймагы болуп түзүлгөнүнө байланыштуу, Чоң-Кызыл-Суу айылындагы сатыкка коюлган тоют ороосун аукционго коюуга жана иш кагаздарын мыйзам чегинде бүтүрүүгө айыл өкмөтүнө уруксат берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңештин айыл чарба туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А.Тыныбеков