Загрузка документа…
ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИН
I- ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН 1- СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 30- ноябрындагы № 03
Оргочор жергиликтүү кеңешинин туруктуу комиссияларын түзүү жана алардын төрагаларын бекитүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 36-беренесине ылайык жана жергиликтүү кеңештин I- чакырылышынын депутаттарынын сунушунун көпчүлүк добушунун негизинде сессия токтом кылат:
1. Оргочор жергиликтүү кеңешинде 3 туруктуу комиссия түзүлсүн жана этика комитети бекитилсин. 3 туруктуу комиссиясынын аталышы, сандык курамы жана сунушталган төрагалар менен 1- тиркемеге ылайык бекитилсин: Этика комитетинин курамынын сандык бирдиги 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Туруктуу комиссиялардын отурумдарынын протоколдорун жүргүзүү жагы жергиликтүү кенештин жооптуу катчысы Э.Тариеловага жүктөлсүн. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Тѳрага А.Тыныбеков