ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИН
I- ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН 1- СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 30-ноябры №04
Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы “Кезектеги III Курултайды өткөрүү жөнүндө” №271 Жарлыгын, Жети-ϴгүз райондук мамлекеттик администрациясынын 28-октябрындагы №309 тескемесин негизинде Оргочор айыл аймагында Кезектеги III Элдик Курултайын өткөрүү боюнча айыл өкмөт башчысы Жумашов Жыргылбек Кубанычбековичтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап жергиликтүү кеңештин токтом кылат:
- Кезектеги III Элдик Курултайы 2024-жылдын 20-декабрында Бишкек шаарына чакыртылганы жана Элдик Курултайга айыл аймак боюнча 2 делегат шайлана тургандыгы эске алынсын.
- Оргочор айыл аймагыда Кезектеги III Элдик Курултайына делегаттарды шайлоо боюнча өкүлчүлүктү жыйыны 2024-жылдын 07-декабрында саат 10-00гө Оргочор маданият үйүнө чакырылсын.
- ϴкүлчүлүктүү жыйынга келүүчү 100 өкүл, анын ичинен Тилекмат айылынан 21 өкүл, Ак-Дөбө айылынан 8 өкүл , Аң-ϴстөн айылынын 9 өкүл, Мундуз айылынан 3 өкүл, Оргочор айылынан 15 өкүл, Боз-Бешик айылынан 9 өкүл, Кургак-Айрык айылынан 2 өкүл, Светлая Поляна айылынан 18 өкүл, Чоң-Кызыл-Суу айылынан 5 өкүл, Подгорный айылынан 6 өкүл, Ак-Шыйрак айылынан 1 өкүл, Кара-Сай айылынан 1 өкүл, Ыштык айылынан 1 өкүл, Үч-Кошкон айылынан 1 өкүл айылдардын калкынын санына жараша бөлүнсүн.
- Кезектеги III Элдик Курултайына делегаттарды шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү графиги №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Кезектеги III Элдик Курултайына делегаттарды шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу _____ адамдан түзүлсүн жана курамы №2 тиркемеге ылайык бекитилсин
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.