Загрузка документа…
ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИН I- ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН 2- КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 24-январы №06
Оргочор айыл аймагынын бюджетинде 2025-жылдын 1-январына калган эркин калдык 5243612,06 (беш миллион эки жүз кырк үч миң алты жүз он эки миң сом алты тый) сом акча каражаты жөнүндө.
Оргочор айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү 2025-жылдын 1-январына калган эркин калдык 5243612,06(беш миллион эки жүз кырк үч миң алты жүз он эки миң сом алты тыйын) сом акча каражатын талкуулап Оргочор жергиликтүү кенеши токтом кылат.
1. Айыл банк аркылуу лизингке алынган айыл чарба техникаларына которулуучу акча каражаты 585000 (беш жүз сексен беш миң) сом бекитилсин.
2. “К.Алымбекова” атындагы МЧБББнүн от казаны жарылгандыгына байланыштуу, өзгөчө кырдаал жаралып, от казанды кайра калыбына келтирүүгө, Оргочор таза суусунун насосуна -757590 (жети жүз элүү жети миң беш жүз токсон) сом акча каражаты бекитилип берилсин:
- “К.Алымбекова” атындагы МЧБББнүн от казанына -220 000 (эки жүз жыйырма миң) сом ;
- С.Давлетов атындагы орто мектебинин от казанынын насосуна- 37 350 (отуз жети миң үч жүз элүү миң) сом;
- Оргочор айылынын таза суусунун насосуна- 500 240 (беш жүз миң эки жүз кырк) сом;
3. Турак жай коммуналдык чарбага – 150 000 (бир жүз элүү миң ) сом бекитилип берилсин.
4. Оргочор айылындагы социалдык объектинин (гараж) тегерегин ирээтке келтирүүгө- 69 910,06 (алтымыш тогуз миң тогуз жүз он сом алты тыйын ) сом бекитилип берилсин.
5. Боз-Бешик айылынын 3 сааттык бала бакчасына килем алууга жана кеңсе буюмдарына – 80 000 (сексен миң) сом берилсин.
6. Көк бөрү оюнун уюштурууга 94 500 (токсон төрт миң беш жүз) сом бекитилсин.
7. Ак-Шыйрак айылына спорттук инвентарь алууга 18 400 (он сегиз миң төрт жүз) сом бекитилсин.
8. “Керемет” атындагы МЧБББнө орг техникаларын оңдоп түздөөгө 25 000 (жыйырма беш миң) сом бекитилсин.
9. “Бактылуу балалык” МЧБББнүн атындагы жана Ак-Дөбө айылындагы бала бакчага дубалдарына сүрөт тарттырууга - 188 000 (жүз сексен сегиз миң) сом.
10. “К.Алымбекова” атындагы МЧБББнүн чарбалык иштерине -41 100 (кырк бир миң бир жүз) сом акча каражаты бөлүнсүн.
11. “Керемет” атындагы МЧБББнүн чарбалык, канцелярдык жана идиш аягына 120 000(бир жүз жыйырма миң) сом бекитилсин.
12. Тилекмат жана Ак-Дөбө айылындагы жаңы ачылып жаткан бала бакчаларына керектүү буюмдарын алууга- 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом акча каражаты бөлүнсүн.
13. “Керемет” атындагы МЧБББна эмерек алууга 30 500 (отуз миң беш жүз) сом бекитилсин.
14. Тилекмат жана Ак-Дөбө айылындагы жаңы ачылып жаткан бала бакчаларынын тамак ашына – 600 000 (алты жүз миң ) сом акча каражаты бөлүнсүн.
15. Оргочор айылындагы маданият үйүнө күзгү алууга-44 000 (кырк төрт миң) сом бекитилсин.
16. Үч-Кошкон айылындагы маданият үйүнүн чарбалык жана канцелярдык буюмдарына 26 000 (жыйырма алты миң) сом бекитилсин.
17. Үч-Кошкон айылындагы маданият үйүнө стеллаж алууга 30 000 (отуз миң) сом бекитилсин
18. С.Давлетов орто мектебинин орг.техикаларын оңдоп түздөөгө, картридж толтурууга – 20 000 (жыйырма миң) сом бекитилсин.
19. А.Алыбаков атындагы орто мектебине стенд жасатууга – 46 000 (кырк алты миң) сом бекитилсин.
20. Т.Жамгырчиев атындагы орто мектебине чарбалык буюмдарын алууга – 59 612 (элүү тогуз миң алты жүз он эки) сом бекитилсин.
21. А.Алыбаков атындагы орто мектебинин капиталдык ремонтунун кошумча сметасына– 482 500 (төрт жүз сексен эки миң беш жүз) сом бекитилсин.
22. С.Давлетов мектебине музыкалык аппаратура алууга – 161 000 (жүз алтымыш бир миң) сом бөлүнүп берилсин.
23. “Бактылуу балалык” атындагы МЧБББна чарбалык буюмдарга - 80 000 ( сексен миң) сом
24. Чоң-Кызыл-Суунун мектебине 34 000 (отуз төрт миң) сом берилсин.
25. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айыл өкмөт башчысы Ж.Жумашовго жана финансы - пландоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы С.Асаналиевге жүктөлсүн.
Төрага А.Тыныбеков