ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИН I- ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН 3- КЕЗЕКТЕГИ СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 29-январындагы №08
Оргочор айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин 2024-жылга карата аткарылышы боюнча отчету жөнүндө
Оргочор айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин 2024-жыл ичинде аткарылган жана аткарууда турган иштер боюнча айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Ж.Жумашовдун отчету жана финансы пландоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Асаналиевдин билдирүүлөрү угулуп, жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Оргочор жергиликтүү кеңешинин Финансы пландоо боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда кабыл алынган отчет эске алынсын.
- Оргочор айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Ж.Жумашовдун 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча отчету канаттандыраарлык деп табылсын.
- Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб сайтына жарыялоого тиешелүү электрондук иш кагаздарын жиберүүгѳ жана юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн иш кагаздарын алып баруу жагы жергиликтүү кенешинин жооптуу катчысы Э.Тариеловага тапшырылсын.