ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИН I- ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН 3- КЕЗЕКТЕГИ СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 29-январындагы №10
Оргочор жергиликтүү кеңешинин жана туруктуу комиссиялардын иш планын бекитүү жөнүндө.
Жергиликтүү кенештин жана алдында түзүлгөн “Айыл чарба жана экология маселелери боюнча”, “Финансы –пландоо. Бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөө жана сырттан келген инвестицияны көзөмөлдөө маселелери боюнча”, “Социалдык маселер, маданий өнүгүү, укук жана спорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына” 2025-жылдын I,II,III,IV-кварталына иш пландарын бекитүү жөнүндө туруктуу комиссиялардын төрагаларынын жана жергиликтүү кеңештин төрагасы А.Тыныбековдун билдирүүлөрү угулуп, талкууланып жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
- Жергиликтүү кенештин иш планы 1-тиркемеге алыйык бекитилсин.
- Жергиликтүү кеңештин алдында “Айыл чарба жана экология маселелери боюнча”, “Финансы –пландоо. Бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөө жана сырттан келген инвестицияны көзөмөлдөө маселелери боюнча”, “Социалдык маселер, маданий өнүгүү, укук жана спорт маселелери боюнча туруктуу комиссиялардын 2025-жылдын I,II,III,IV -кварталына иш пландары 2,3,4-тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Иш-пландардын аткарылышы жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялардын төрагаларына жүктөлсүн.
- Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб сайтына жарыялоого тиешелүү электрондук иш кагаздарын жиберүүгѳ жана юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн иш кагаздарын алып баруу жагы жергиликтүү кенешинин жооптуу катчысы Э.Тариеловага тапшырылсын.
- Токтомду көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырамын.
Төрага А.Тыныбеков