Загрузка документа…
ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИН I- ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН 3- КЕЗЕКТЕГИ СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 29-январындагы №12
Оргочор айыл аймагы боюнча коэффцент өлчөмүн
бекитүү жөнүндө
2022-жылдын 18-январы № 3 “Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин” 53-главасынын “Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге, мүлк салыгын эсептөө жана төлөө мөнөтү” боюнча № 404-беренесинин 4-пункутуна таянып, нарктык зоналардын чектери, ошондой эле 0.3 төн 2.0 чейинки өлчөмдөгү калктуу конуштун жерлери жана айыл чарба багытындагы эмес жерлер үчүн жана мүлк салыгын 1,2,3, топтор боюнча айыл өкмөтүнүн киреше боюнча башкы адиси С.Шаршембиеванын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап жергиликтʏʏ кеӊеши токтом кылат:
1. Оргочор айылдык кеңешинин 28-чакырылышынын 23-сессиясындагы 2023-жылдын 23-ноябрындагы “Салык Кодексинин № 404-берене. Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге, мүлк салыгын эсептөө жана төлөө мөнөтү жөнүндө” №81 токтому эске алынсын.
2. Оргочор аймагы аймактык-административдик реформанын алкагында, Оргочор, Светлая Поляна, Ак-Дөбө, Ак-Шыйрак айыл аймактары биригип түзүлгөндүктөн, 2025-жылдын 01-январынан баштап аймак боюнча кашарларга (Кз) 1,2 коэффицент жана 1,2,3 топтор, ошондой эле айыл чарба багытындагы эмес жерлер (Кз) 2.0 коэффицент өлчөмүндө бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айыл өкмөт башчысы Ж.Жумашовго жана финансы - пландоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы С.Асаналиевге жүктөлсүн.
Төрага А.Тыныбеков