Загрузка документа…
ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИН I- ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН 3- КЕЗЕКТЕГИ СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 29-январындагы №13
Оргочор айыл аймагындагы маалыматтык-жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу жана эксплуатациялоо территориядагы имараттардын-курулмадагы фасадынын тышкы көрүнүшү жөнүндөгү Жобону бекитүү
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 20-декабрындагы № 338 /1 буйругу жана Оргочор айыл аймагындагы маалыматтык-жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу жана эксплуатациялоо территориядагы имараттардын-курулмадагы фасадынын тышкы көрүнүшү жөнүндөгү Жобону бекитүү боюнча райондук архитектура башкармалыгынын шаар куруу корутундусу жана макулдашуу секторунун башчысы Сатиев Шарып Мыктыбековичтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап жергиликтʏʏ кеӊеши токтом кылат:
1. Оргочор айыл аймагындагы маалыматтык, жарнамалык, конструкцияларды жайгаштыруу жана эксплуатациялоо территориядагы имараттардын, курулмадагы фасадынын тышкы корүнүшүнүн жалпы жобосу алымча-кошумчасы менен 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бекитилген Жобого ылайык иш алып баруу жагы Оргочор айыл өкмөт башчысы Ж.Жумашовго милдеттендирилсин.
3. Токтомду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб-сайтына жайгаштырып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн иш кагаздарын алып баруу жагы жергиликтүү кеңешинин жооптуу катчысы Э.Тариеловага тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Оргочор айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин айыл чарба жана экология маселелери боюнчатуруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага А.Б.Тыныбеков