Загрузка документа…
ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИН I- ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН 3- КЕЗЕКТЕГИ СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 29-январындагы №14
Оргочор айыл аймагындагы материалдык жардамдарга чектөө киргизүү жөнүндө
Оргочор айыл аймагындагы айыл тургундарынын кайрылууларынын негизинде жергиликтүү бюджеттен көрсөтүлүп жаткан акчалай материалдык колдоого чектѳѳ киргизүү боюнча айыл өкмөт башчысы Ж.Жумашовдун кайрылуусунун негизинде, Оргочор жергиликтүү кеңешинин “Социалдык маселер, маданий өнүгүү, укук жана спорт маселелери” боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы А.Молдокматованын 2025-жылдын 23-январындагы отурумунунун негизинде билдирүүлөрү угулуп жана талкуулап жергиликтʏʏ кеӊеши токтом кылат:
1. Оргочор айыл аймагындагы ден соолугуна байланыштуу дарыланууга, турмуш шартынын оордугуна жараша материалдык жардам сурап кайрылган жарандарга жардам көрсөтүү үчүн төмөндөгүдөй өлчөмдө акча каражаты бекитилип берилсин:
1) 2 топтогу майып болуп, аз камсыз болсо-5 000 (беш миң) сом;
2) 1 топтогу майып болуп, аз камсыз болсо-10 000 (он миң) сом;
3) Оорунун баскычына жараша (жүрөк кан тамыр оорусу, кан оорусу, боор оорусу, жүлүн оорусу ж.б.) Кыргызстан ичинде жасала турчу операцияга – 20 000 (жыйырма миң) сом;
4) Оорунун баскычына жараша чет өлкөгө барып жасала турчу операцияга – 50 000 (элүү миң) сом;
5) Турмуш шарты оор болуп, жашоо шартына карап (тамак ашка, кийим -кече, көмүр, үй курууга ж.б.) кайрылгандарга 10 000 (он миң) сом;
2. Жогорудагы бекитилген акча каражаты айыл аймакта туруктуу жашаган жана бир эле жаранга 3 (үч) жылда бир көрсөтүлүүчү жардам болуп бекитилсин.
3. Бекитилген материалдык жардамга ылайык иш алып баруу жагы Оргочор айыл өкмөт башчысы Ж.Жумашовго милдеттендирилсин.
4. Токтомду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб-сайтына жайгаштырып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн иш кагаздарын алып баруу жагы жергиликтүү кеңешинин жооптуу катчысы Э.Тариеловага тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңешинин “Социалдык маселер, маданий өнүгүү, укук жана спорт маселелери” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага А.Тыныбеков