Загрузка документа…
ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИН I- ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН 3- КЕЗЕКТЕГИ СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 29-январындагы №15
Штат бирдигине өзгөртүү кийирүү жөнүндө
Оргочор айыл өкмөтүнүн штаттык бирдигине өзгөртүү киргизүү боюнча айыл өкмөт башчысы Ж.Жумашовдун билдирүүсүнүн негизинде, “Финансы –пландоо. Бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөө жана сырттан келген инвестицияны көзөмөлдөө маселелери” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Асаналиевдин 2025-жылдын 27-январындагы отурумундагы билдирүүлөрү угулуп жана талкууланып жергиликтʏʏ кеӊеши токтом кылат:
1. Оргочор айыл өкмөтүнүн штаттык бирдигине өгөртүү киргизилсин жана төмөндөгү кызмат орундары жоюлсун:
1) Светлая Поляна аййылындагы муниципалдык мекеменин – тегерегин тазалоочу (дворник );
2) Светлая Поляна айылынын айылдык китепкансынын пол жуугучу (техничка);
3) Чоң-Кызыл-Суу айылынын маданият үйүнүн көркөм жетекчиси (художественный руководитель);
4) Оргочор айылынын маданият үйүнүн көркөм жетекчиси (художественный руководитель);
5) Оргочор айылынын айылдык китепкансынын пол жуугучу (техничка);
6) Боз-Бешик айылынын сакчысы (охраник);
7) Боз-Бешик айылынын айылдык китепкансынын пол жуугучу (техничка);
8) Оргочор айылынын айылдык маданият үйүнүн пол жуугучу (техничка);
2. Светлая Поляна айылынын маданият үйүнүн көркөм жетекчиси (художественный руководитель) Оргочор айыл аймагы боюнча болуп бекитилсин
3. 2025-жылга Оргочор айыл өкмөтүнүн штат бирдиги бекитилсин.
4. Токтомду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб-сайтына жайгаштырып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн иш кагаздарын алып баруу жагы жергиликтүү кеңешинин жооптуу катчысы Э.Тариеловага тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысы Ж.Жумашовго милдеттендирилсин жана көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңештин “Финансы –пландоо. Бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөө жана сырттан келген инвестицияны көзөмөлдөө маселелери” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага А.Тыныбеков