Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 14-февралы № 70
Энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекттерин куруу жана эксплуатациялоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашуулардын алкагында энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекттери иштеп чыгуучу электр энергиясын кепилденген сатып алууну камсыз кылуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
"Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекттерин куруу жана эксплуатациялоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашуулардын алкагында энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекттери иштеп чыгуучу электр энергиясын кепилденген сатып алууну камсыз кылуу тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Берилген электр энергиясы "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун (мындан ары - "КУЭТ" ААК) өздүк каражаттарынын эсебинен төлөнбөй калган учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фонду энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекттерин куруу жана эксплуатациялоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашуулардын алкагында энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекттери иштеп чыгуучу электр энергиясын сатып алуу кепилдигин (мындан ары электр энергиясын сатып алуу боюнча кепилдик) энергиянын кайра жаралуучу булактарынын субъекттерине берүүгө ыйгарым укуктуу уюм болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2025-жылга бюджетти түзүүдө энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекттери иштеп чыгуучу электр энергиясын сатып алуу боюнча кепилдикти камсыз кылууга каражаттарды белгиленген тартипте карасын.
4. Берилген электр энергиясы "КУЭТ" ААКтын өздүк каражаттарынын эсебинен төлөнбөй калган учурда ушул токтомдун жоболоруна ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан каралган каражаттар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фонду жана "КУЭТ" ААК тарабынан энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекттерин куруу жана эксплуатациялоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашуулардын алкагында электр энергиясын берүү келишимдери боюнча сатып алынуучу электр энергиясына акы төлөө үчүн максаттуу багыты боюнча гана пайдаланылат деп белгиленсин.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-ноябрындагы № 621 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондун түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фонду жөнүндө жободо:
- 2-пункт "мекеме" деген сөздөн кийин "жана энергиянын кайра жаралуучу булактарынын субъекттерине энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекттерин куруу жана эксплуатациялоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашуулардын алкагында энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекттери иштеп чыгуучу электр энергиясын сатып алууга кепилдик берүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик мекеме" деген сөздөр менен толукталсын;
- 27-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 13, 14-пунктчалар менен толукталсын:
"13) электр энергиясын кепилденген сатып алуу боюнча макулдашуу түзүүгө даяр экендиги жөнүндө макулдашуу катына кол коёт;
14) электр энергиясын кепилденген сатып алуу боюнча макулдашууга кол коёт.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 27-1-пункт менен толукталсын:
"27-1. Директор болбогон учурда анын милдеттерин директордун орун басары аткарат.";
- 28-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 12, 13, 14-пунктчалар менен толукталсын:
"12) электр энергиясын кепилденген сатып алуу боюнча макулдашуу түзүүгө даяр экендиги жөнүндө макулдашуу катын берет;
13) электр энергиясын кепилденген сатып алуу боюнча макулдашууну түзөт;
14) электр энергиясын кепилденген сатып алуу жөнүндө макулдашуунун шарттарынын сакталышын контролдойт.";
- 29-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-пунктча менен толукталсын:
"3-1) электр энергиясын кепилденген сатып алуу боюнча макулдашууга кол коюуга;";
- 31-пункт төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
"- энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекттери иштеп чыгуучу электр энергиясын сатып алуу боюнча кепилдикти камсыз кылууга каралган каражаттар;";
- 33-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 5-пунктча менен толукталсын:
"5) Электр энергиясын кепилденген сатып алуу боюнча фонддун милдеттенмелерин аткаруу.".
6. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фонду менен биргеликте ушул токтомдон келип чыгуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизсин;
2) мүмкүнчүлүктөрдү жана электр энергиясын керектөөлөрүн эске алуу менен "КУЭТ" ААК тарабынан берилген маалыматтардын негизинде инвестициялык макулдашууларды план ченемдүү түзсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фонду "КУЭТ" ААК менен биргеликте ушул токтомду аткаруунун алкагында "КУЭТ" ААКтын өздүк каражаттарынын эсебинен берилген электр энергиясына төлөнбөгөн учур келип чыкканда электр энергиясын сатып алуу суммасын төлөө боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фонду менен "КУЭТ" ААКтын ортосундагы өз ара мамилелер жөнүндө макулдашуунун формасын иштеп чыксын жана бекитсин.
8. "КУЭТ" ААКка төмөнкүлөр сунушталсын:
- бюджетти түзүүдө электр энергиясын сатып алуу боюнча чыгымдарга жана кыскартууга тийиш эмес каражаттарды артыкчылыктуу тартипте кароо;
- мүмкүнчүлүктөрдү жана электр энергиясын керектөөлөрүн эске алуу менен электр энергиясын берүүгө келишимдерди план ченемдүү түзүү.
9. "КУЭТ" ААКтын эсебине түшкөн каражаттар инвестициялык макулдашуулардын алкагында энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекттери иштеп чыгуучу берилген электр энергиясына төлөө үчүн гана пайдаланылат жана кепилденген сатып алуунун пайдаланылган каражаттары "КУЭТ" ААК тарабынан толтурулууга тийиш.
10. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
11. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |