Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 19-декабры № 1/2-6
Кызыл-Октябрь айыл Кеңешинин Регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 11-пунктун таянып Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2024-жылынын 06-декабрындагы № 01-25/330 буйругу менен бекитилген Айылдык Кенештин типтүү регламентинин негизинде Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык Кенешинин регламенти бекитилсин.
2. Зарылдыкка жараша регламентке өзгөртүү киргизүү жөнүндө чечим айылдык кенештин депутаттарынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынсын.
3. Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык Кенешинин регламенти бекитилген күндөн таптып күчүнө кирсин жана Кызыл-Октябрь айылдык кенеши регламентке ылайык иш алып барсын.
4. Кызыл-Октябрь айылдык кенешинин регламентине ылайык иш алып баруу жагын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Кеңешинин төрагасы | А. Карамырзаев |