Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы № 70 токтомуна) |
Энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекттерин куруу жана эксплуатациялоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашуулардын алкагында энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекттери иштеп чыгуучу электр энергиясын кепилденген сатып алууну камсыз кылуу тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекттерин куруу жана эксплуатациялоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашуулардын алкагында энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекттери иштеп чыгуучу электр энергиясын кепилденген сатып алууну камсыз кылуу тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) энергиянын кайра жаралуучу булактарынын (мындан ары - ЭКБ) объекттерин куруу жана эксплуатациялоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашуулардын алкагында энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекттеринде өндүрүлгөн электр энергиясын кепилденген сатып алууну камсыз кылуу тартибин аныктайт.
2. Ушул Жободо колдонулган негизги түшүнүктөр:
инвестициялык келишим - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн ЭКБ объекттерин куруу жана эксплуатациялоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашуу;
кепилденген сатып алуу - ЭКБ объекттери тарабынан электр энергиясын берүү жөнүндө келишимде каралган республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын эсебинен акы төлөө боюнча милдеттенмелерди камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондунун (мындан ары - Жашыл энергетика фонду) милдеттенмеси;
"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коому (мындан ары - "КУЭТ" ААК) - ЭКБ объекттери тарабынан өндүрүлгөн электр энергиясын сатып алуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган электр энергия компаниясы;
кредиттик келишим - кредиттик мекеменин (банктын) жана инвестордун жана/же ЭКБ субъектинин ортосунда түзүлгөн келишим.
2-глава. Электр энергиясын сатып алуу боюнча кепилдик берүү шарттары жана тартиби
3. Ушул Жобонун тиркемесине ылайык электр энергиясын кепилденген сатып алуу жөнүндө макулдашууну түзүү үчүн инвесторлор төмөнкү критерийлерге жооп бериши керек:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен инвестордун ортосунда түзүлгөн, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген ЭКБ объекттерин куруу жана эксплуатациялоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашуунун болушу;
2) окшош инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча ишти жүргүзүү, мында экиден кем эмес ийгиликтүү ишке ашырылган окшош долбоорлордун болушу. Ийгиликтүү ишке ашырылган долбоорлордун жалпы наркы инвестициялык долбоордун суммасынан кем болбоого тийиш;
3) жалпыга таанылган эл аралык ишкердик кадыр-баркка, иштин окшош чөйрөсүндө уникалдуу билимдерге ээ болуу же болбосо эгерде юридикалык жактын иштеп жатканына үч жылдан аз болсо, мындай уюмдун атынан кепилдик катын берүү;
4) жеңилдетилген салыктык режимди сунуштаган жана (же) маалыматты толук ачыктоо жана берүү каралбаган мамлекеттерде жана аймактарда катталбаган жана иш жүргүзбөгөн (оффшордук зоналар);
5) инвесторго карата эч кандай доо коюлбаган, эч кандай сот иштери козголбогон, эч кандай териштирүүлөр же иликтөөлөр жүргүзүлбөгөн жана анын чарбалык иши, активдери, финансылык же башка абалы үчүн кандайдыр бир олуттуу жагымсыз кесепеттерге же өзүнүн милдеттенмелерин аткаруу жөндөмдүүлүгүн алсыратууга жалпылап же өз-өзүнчө алып келиши ыктымал болгон эч бир сот, арбитраж же мамлекеттик орган тарабынан ага каршы мындай иш-аракеттерди жасоо коркунучу болбогон, ошондой эле каалаган мындай олуттуу жагымсыз кесепеттерге же мындай алсыратууга алып келиши ыктымал болгон эч кандай укук бузуулар же эч бир соттун, арбитраждын же каалаган мамлекеттик органдын эч кандай аткарылбаган тескемелери, токтомдору, буйруктары же тыюу салуулары жөнүндө инвесторго белгилүү болбогон;
6) инвестициялык долбоорду ишке ашыруу үчүн каражаттар кылмыштуу кирешелер болуп саналбаган же кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) жана террористтик ишти каржылоо, жогорку тобокелдиктеги юрисдикциялар жана санкциялык тизмелер менен байланышпаган, ошондой эле инвестордун атынан иш жүргүзгөн кызмат адамдары жана башка каалаган адамдар кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) жана террористтик ишти каржылоо менен байланышкан ишке тартылбаган;
7) инвестор долбоордун финансылык моделин көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык долбоорду каржылоо булактарын ырастап берүүгө тийиш;
8) инвестордун жана/же ЭКБ субъектинин юридикалык жак катары катталган жери жана инвестициялык долбоорду жүзөгө ашырган жери боюнча салыктарды, жыйымдарды жана каалаган деңгээлдеги бюджеттерге башка төлөмдөрдү төлөө боюнча мөөнөтү кечиктирилген карызы болбоого тийиш;
9) инвестордун жана/же ЭКБ субъектинин юридикалык жак катары катталган жери жана инвестициялык долбоорду жүзөгө ашырган жери боюнча мурда алынган зайымдарды төлөө жана тейлөө боюнча мөөнөтү кечиктирилген карызы, төлөмдөрдүн мөөнөтү келген карызы, ошондой эле кредиторлорго мөөнөтү кечиктирилген башка карызы болбоого тийиш.
4. Кепилденген сатып алуу ЭКБ объекттерин куруу жана эксплуатациялоо боюнча долбоорду ишке ашыруунун алкагында кредитор менен инвестордун жана/же ЭКБ субъектинин ортосунда түзүлгөн кредиттик келишим колдонулган мөөнөткө берилет.
5. Электр энергиясын кепилденген сатып алуу жөнүндө макулдашууну түзүү үчүн инвестор жана/же ЭКБ субъекти Жашыл энергетика фондуна төмөнкү документтерди берүүгө тийиш:
1) электр энергиясын кепилденген сатып алуу жөнүндө макулдашууну түзүү ниети тууралуу арызды;
2) юридикалык жактын мамлекеттик каттоо күбөлүгүнүн жана уюштуруу документтеринин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн;
3) жер участогуна укукту ырастаган документтерди жана ТЭН;
4) юридикалык жактын салыктык эсепке алынган жери боюнча салык органдарынан салыктарды, жыйымдарды жана каалаган деңгээлдеги бюджеттерге башка төлөмдөрдү төлөө боюнча карызынын жоктугу жөнүндө маалымкатты;
5) юридикалык жактын эсептерин тейлеген коммерциялык банктардын акыркы алты айга алыш-бериш эсеби боюнча жүгүртүүлөр тууралуу маалымкатын;
6) акыркы үч жылга финансылык отчетту жана акыркы үч жылга көз карандысыз аудитордун корутундусун. Жок болгон учурда - акыркы отчеттук мезгилге;
7) болгон бардык карыздар жөнүндө маалыматты (макулдашуулардын, келишимдердин көчүрмөлөрү жана тиешелүү документтер);
8) инвестициялык долбоорду ишке ашырууга каржылоо булактарын жана 20%дан кем эмес өздүк каражаттарын салууну ырастоо;
9) кубаттуулугу 30 МВттан жогору энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекти тарабынан электр энергиясын берүүгө түзүлгөн келишимдин (контракттын) болушу;
10) ЭКБ объекти эксплуатациялоого киргизилгенге чейин долбоорго инвестициялардын пландалган суммасынан 2% өлчөмүндө банк кепилдиги түрүндө ырасталган документ.
6. Ушул Жобонун 5-пунктунда каралган бардык документтер берилгенден кийин 14 жумуш күндүн ичинде Жашыл энергетика фонду электр энергиясын кепилденген сатып алуу жөнүндө макулдашууну түзүү тууралуу маселени карайт.
7. Арыз жактырылгандан кийин Жашыл энергетика фонду Инвестордун жана/же ЭКБ субъектинин кредиттик келишими болгон учурда электр энергиясын кепилденген сатып алуу жөнүндө макулдашууну түзүү ниети тууралуу макулдук катын Инвесторго жана/же ЭКБ субъектине жөнөтөт.
Инвестордун жана/же ЭКБ субъектинин кредиттик келишими болгон учурда Жашыл энергетика фонду жана "КУЭТ" ААК тарабынан Инвестор менен биргеликте Электр энергиясын кепилденген сатып алуу жөнүндө үч тараптуу макулдашуу түзүлөт.
8. Электр энергиясын кепилденген сатып алуу жөнүндө макулдашуу ЭКБ объекти эксплуатациялоого киргизилген учурдан тартып күчүнө кирет.
9. Инвестордун белгиленген критерийлерге ылайык келбеши жана ушул Жобонун 5-пунктунда каралган документтердин толук берилбеши Жашыл энергетика фонду тарабынан электр энергиясын кепилденген сатып алуу жөнүндө макулдашууну түзүүдөн баш тартууга негиз болуп саналат.
10. Инвесторго жана/же ЭКБ субъектине ЭКБ объекттерин куруу жана эксплуатациялоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан инвестицияга кепилдик берилген учурда электр энергиясын кепилденген сатып алуу жөнүндө макулдашууну түзүү ниети тууралуу арыз каралбайт.
11. Инвестор жана/же ЭКБ субъекти тарабынан инвестициялык макулдашуу жана электр энергиясын берүү келишими боюнча милдеттенмелердин талаптагыдай аткарылбашы же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бузулушу электр энергиясын кепилденген сатып алуу жөнүндө макулдашууну жокко чыгаруу үчүн негиз болуп саналат.
3-глава. Электр энергиясын кепилденген сатып алууну берүүнүн жол-жобосу
12. Өздүк каражаттардын эсебинен берилген электр энергиясын толук төлөөгө негиздүү мүмкүн болбогон учурда "КУЭТ" ААК Жашыл энергетика фондунун дарегине зарыл болгон эсептөөлөрдү жана ырастоочу документтерди берүү менен электр энергиясын сатып алуу боюнча акы төлөөгө финансы каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө кайрылат.
13. Жашыл энергетика фонду 10 жумуш күндүн ичинде келип түшкөн документтерди карайт, жактырган учурда каржылоо көлөмү менен Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин дарегине каржылоо жөнүндө маселени карап чыгуу үчүн өтүнмө жөнөтөт.
14. Финансы каражаттарын бөлүү үчүн Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги Жашыл энергетика фонду менен биргеликте Жашыл энергетика фондуна финансы каражаттарын бөлүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечиминин долбоорун демилгелейт.
15. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечими кабыл алынгандан кийин белгиленген тартипте республикалык бюджеттен Жашыл энергетика фондуна ЭКБ субъектине электр энергиясын сатып алуу суммасын төлөө үчүн каражаттар бөлүнөт.
16. "КУЭТ" ААК Жашыл энергетика фондунан каражаттарды алгандан кийин электр энергиясын сатып алуу суммасын төлөө үчүн аларды инвесторго жана/же ЭКБ субъектине которот.
17. Электр энергиясын кепилденген сатып алуу үчүн пайдаланылган каражаттар "КУЭТ" ААК тарабынан 3 (үч) айдын ичинде электр энергиясын сатуудан түшкөн акчанын эсебинен толукталууга тийиш.
18. "КУЭТ" ААК бөлүнгөн каражаттар так максаттуу багыты боюнча - ЭКБ объекттерин куруу жана эксплуатациялоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашуулардын алкагында сатып алынуучу электр энергиясына акы төлөө үчүн пайдаланылат.
4-глава. Шарттардын сакталышына мониторинг жүргүзүү
19. Инвестициялык долбоорду ишке ашырууга жооптуу болгон Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги түзүлгөн инвестициялык макулдашуулардын милдеттенмелеринин шарттарынын аткарылышын жана инвестициялык долбоордун ишке ашырылышын контролдойт.
20. Жашыл энергетика фонду электр энергиясын кепилденген сатып алуу жөнүндө макулдашуунун шарттарынын сакталышын контролдойт.
21. Инвестор жана/же ЭКБ субъекти Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин дарегине долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчетту, анын ичинде тартылган каражаттар, аларды пайдалануу жана долбоорду ишке ашыруунун статусу жөнүндө маалыматтарды үзгүлтүксүз берип турууга милдеттүү.
22. Долбоорду иш жүзүндө ишке ашыруу билдирилген жана макулдашылган шарттарга ылайык келбеген, ошондой эле инвестор жана/же ЭКБ субъекти тарабынан кабыл алынган милдеттенмелер бузулган учурда электр энергиясын кепилденген сатып алуу жөнүндө макулдашуунун колдонулушу токтотулат.
23. Долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүнө мониторинг жүргүзүү үчүн инвестор жана/же ЭКБ субъекти көз карандысыз аудиторду тартууга тийиш.
5-глава. Мамлекеттик органдардын, инвестордун жана/же ЭКБ субъектинин жоопкерчилиги
24. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги:
- инвестициялык долбоорлордун аткарылышын баалоону, кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алардын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан түзүлгөн ЭКБ объекттерин куруу жана эксплуатациялоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашуулардын эсебин жүргүзөт.
Инвестор жана/же ЭКБ субъекти тарабынан ЭКБ объекттерин куруу жана эксплуатациялоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашуулардын негизинде тартылган каражаттарды максаттуу пайдалануу боюнча маалыматтар 10 (он) жумуш күндүн ичинде берилбеген учурда Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги Жашыл энергетика фондунун дарегине электр энергиясын кепилденген сатып алуу жөнүндө макулдашууну бузууну демилгелөө тууралуу кабарламаны жиберет.
25. Берилген маалыматтардын жана документтердин аныктыгы жана толуктугу үчүн жоопкерчилик электр энергиясын кепилденген сатып алуу жөнүндө макулдашууну түзүү тууралуу сунуш киргизген инвесторго жана/же ЭКБ субъектине жүктөлөт.
|
| Энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекттерин куруу жана эксплуатациялоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашуулардын алкагында энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекттери иштеп чыгуучу электр энергиясын кепилденген сатып алууну камсыз кылуу тартиби жөнүндө жобого тиркеме |
Форма
Электр энергиясын кепилденген сатып алуу боюнча МАКУЛДАШУУ
_____________________________ |
| "___" ___________________________ |
(шаар, айыл) |
| (жыл, күн жана ай жазуу түрүндө) |
Ушул Электр энергиясын кепилденген сатып алуу боюнча макулдашуу төмөнкүлөрдүн ортосунда:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондунун
(мындан ары Кепил деп аталуучу) __________________________________ негизинде иш жүргүзгөн
(документтин түрү)
______________________________________________________________________________ атынан,
(кызмат орду, аты-жөнү)
- __________________________________________________________________________________
(субъекттин аталышы)
(мындан ары Берүүчү деп аталуучу) _____________________________________________________
________________________________________________________________ негизинде иш жүргүзгөн,
(документтин түрү)
_______________________________________________________________________________ атынан,
(кызмат орду, аты-жөнү)
- "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун (мындан ары Сатып алуучу деп аталуучу)
___________________________________________________________________ негизинде иш жүргүзгөн
(документтин түрү)
__________________________________________________________________________ атынан түзүлдү.
(кызмат орду, аты-жөнү)
Мындан ары бирге эске алууда Тараптар деп аталуучулар төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1. Макулдашуунун предмети
1. Кепил өзүнө ушул Макулдашууда Сатып алуучу
___________________________________________________________________________________
(дата, №)
энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объектинен электр энергиясын берүүгө акы төлөө боюнча
келишимде (мындан ары - Келишим) каралган милдеттенмелерин аткарбаган учурда, анын ичинде
Сатып алуучунун милдеттенмелерин аткаруу белгиленген тартипте анын укук мураскерине өткөн
учурларда ага тийиштүү болгон сумманы Сатып алуучуга өз убагында жана толук төлөө боюнча
милдеттенмени алат.
2. Кепил Келишимдин энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объектинен электр энергиясын
30 МВттан жогору кубаттуулукта берүүгө бардык шарттары менен таанышкан жана макулдук берген.
2. Тараптардын милдеттери
3. Эгерде энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объектинен электр энергиясын берүүгө белгиленген төлөө мөөнөттөрү келсе, Сатып алуучу Берүүчүгө төлөөгө тийиш болгон сумманы төлөбөсө, Сатып алуучу Кепилге төлөмдүн мөөнөтүнүн кечиктирилгендиги жөнүндө өз убагында билдирүүгө милдеттүү.
4. Кепил төлөө мөөнөтү келген учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кийин аны Берүүчүгө төлөө үчүн тиешелүү каражаттарды Сатып алуучуга которуу менен Сатып алуучу тарабынан төлөнбөгөн сумманы Берүүчүгө төлөөнү камсыз кылууга милдеттүү.
5. Кепил ушул Макулдашуу боюнча милдеттенмелердин аткарылышы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жооп берет.
6. Ушул Макулдашууга кол коюуда Кепил төмөнкүлөргө кепилдик берет жана ырастайт:
- ушул Макулдашууну түзүү Кепил катышуучу болуп саналган же аны менен байланыштуу болгон ар түрдүү макулдашуулардын жана келишимдердин кандайдыр бир шарттарына жана жоболоруна каршы келбейт жана бузууларга алып келбейт;
- Кепилдин милдеттенмелерин аткарууга олуттуу таасир этүүсү мүмкүн болгон Кепилге же анын мүлкүнө карата эч кандай соттук териштирүүлөр, финансылык мүнөздөгү дооматтар жана талаптар жок, ошондой эле Кепилдин мүлкү күрөөгө коюлган эмес же башка чектөөлөр жок.
7. Ушул Макулдашууга кол коюуда Берүүчү төмөнкүлөргө кепилдик берет жана ырастайт:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Инвестордун ортосунда түзүлгөн, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген ЭКБ объекттерин куруу жана эксплуатациялоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашуунун бар экендигине;
- экиден кем эмес ийгиликтүү ишке ашырылган окшош долбоору бар жана мындай инвестициялык долбоорлордун жалпы суммасы ушул Макулдашуу боюнча инвестициялык долбоордун суммасынан кем эмес экендигине;
- жеңилдетилген салыктык режимди сунуштаган жана (же) маалыматты толук ачыктоо жана берүү каралбаган мамлекеттерде жана аймактарда (оффшордук аймактар) катталган эмес жана иш жүргүзбөйт;
- инвесторго карата эч кандай доо коюлбаган, эч кандай сот иштери козголбогон, эч кандай териштирүүлөр же иликтөөлөр жүргүзүлбөгөн жана анын чарбалык иши, активдери, финансылык же башка абалы үчүн жалпылап же өз-өзүнчө кандайдыр бир олуттуу жагымсыз кесепеттерге же өзүнүн милдеттенмелерин аткаруу жөндөмүн алсыратууга алып келиши ыктымал болгон эч бир сот, арбитраж же мамлекеттик орган тарабынан ага каршы мындай иш-аракеттерди жасоо коркунучу болбогон, ошондой эле ар кандай ушул сыяктуу олуттуу жагымсыз кесепеттерге же мындай алсыратууга алып келиши ыктымал болгон эч кандай укук бузуулар же эч бир соттун, арбитраждын же мамлекеттик органдын эч кандай аткарылбаган тескемелери, токтомдору, буйруктары же тыюу салуулары жөнүндө инвесторго белгилүү болгон эмес;
- инвестициялык долбоорду ишке ашыруу үчүн каражаттар кылмыштуу киреше болуп саналбаган же кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) жана террористтик ишти каржылоо менен байланышпаган, жогорку коркунучтуу юрисдикцияларга жана санкциялык тизмелерге кирбеген, ошондой эле инвестордун атынан иш жүргүзгөн кызмат адамдары жана башка ар кандай адамдар кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) жана террористтик ишти каржылоо менен байланышкан ишке кириптер болгон эмес;
- юридикалык жак катары катталган жери боюнча жана инвестициялык долбоорду жүзөгө ашыруучу жери боюнча ар кандай деңгээлдеги бюджеттерге салыктарды, жыйымдарды жана башка төлөмдөрдү төлөө боюнча мөөнөтү өткөн карызы жок;
- мурда алынган, төлөө мөөнөтү келген карыздарды төлөө жана тейлөө боюнча, ошондой эле юридикалык жак катары катталган жери жана инвестициялык долбоорду ишке ашыруу орду боюнча кредиторлордун алдында мөөнөтү өтүп кеткен башка карызы жок;
- долбоорду ишке ашыруу үчүн инвестициянын көлөмүнүн 20%нан кем эмес өздүк каражаттары бар;
- Келишимдин шарттарына ылайык электр энергиясын берүүнү, анын ичинде макулдашылган берүү мөөнөттөрүн жана көлөмдөрүн сактоону камсыз кылат;
- өзүнүн милдеттенмелерин аткаруу жөнүндө Сатып алуучуга белгиленген мөөнөттө отчет берет;
- сертификацияланган өлчөө приборлорун колдонуу менен пайдаланылган энергияны эсепке алат;
- Сатып алуучуга жана Кепилге Келишим боюнча милдеттенмелерди аткарууга тоскоол болгон ар түрдүү жагдайлар жөнүндө ыкчам кабарлайт;
- электр энергиясын өндүрүү жана берүү процессинде экологиялык коопсуздуктун талаптарынын сакталышына кепилдик берет;
- ар кандай техникалык же уюштуруучулук бузулууларды жоюу үчүн зарыл болгон чараларды кабыл алуу менен үзгүлтүксүз берүүнү камсыз кылат;
- Сатып алуучунун же Кепилдин суроо-талабы боюнча берилген энергиянын сапатын жана көлөмүн ырастаган зарыл болгон документтерди берет;
- Келишим боюнча Берүүчүнүн милдеттенмелерди аткаруусуна таасирин тийгизүүчү ар кандай тобокелдиктер жөнүндө Кепилге кабарлайт;
- электр энергиясын берүүгө Келишимди аткаруунун негизги параметрлери боюнча Кепил менен үзгүлтүксүз маалымат алмашат;
- Берүүчүнүн милдеттенмелерди аткаруусун баалоо үчүн Кепилге зарыл болгон документтерге жеткиликтүүлүктү берүүнү камсыз кылат.
3. Кошумча шарттар
8. Ушул Макулдашуу ЭКБ объекти эксплуатацияга берилген учурдан тартып күчүнө кирет жана кредиттик келишим колдонулган мөөнөттүн ичинде күчүндө болот.
9. Ушул Макулдашууга ар түрдүү өзгөртүүлөр жана толуктоолор эгер алар жазуу түрүндө таризделген жана бардык Тараптар кол койгон учурда гана күчүндө болот. Энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекттерин куруу жана эксплуатациялоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашуулардын алкагында Энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекттери иштеп чыгуучу электр энергиясын кепилденген сатып алууну камсыз кылуу тартиби жөнүндө жободо каралган учурларды кошпогондо, алар тарабынан камсыз кылынган милдеттенмелерди токтотпостон, электр энергиясын кепилденген сатып алуу боюнча макулдашууну токтотууга жол берилбейт.
10. Макулдашуу бирдей юридикалык күчкө ээ 3 (үч) түп нускада түзүлдү, ар бир Тарапка бирден нуска берилет.
4. Тараптардын юридикалык даректери жана колу
Берүүчү _______________________________________ (органдын аталышы) Кыргыз Республикасы Дареги: ________________________________ Алуучу банк: ___________________________ Алыш-бериш эсеби: _____________________ БИК: __________________________________ _______________________________________ (кызмат орду) _______________________________________ (аты-жөнү) _______________________________________ Колу М.О. | Кепил _______________________________________ (субъекттин аталышы) Кыргыз Республикасы Дареги: ________________________________ Алуучу банк: ___________________________ Алыш-бериш эсеби: _____________________ БИК: __________________________________ _______________________________________ (кызмат орду) _______________________________________ (аты-жөнү) _______________________________________ Колу М.О. |
Сатып алуучу _______________________________________ (субъекттин аталышы) Кыргыз Республикасы Дареги: ________________________________ Алуучу банк: ___________________________ Алыш-бериш эсеби: _____________________ БИК: __________________________________ _______________________________________ (кызмат орду) _______________________________________ (аты-жөнү) _______________________________________ Колу М.О. |
|