Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН СУУ РЕСУРСТАРЫ, АЙЫЛ ЧАРБА ЖАНА КАЙРА ИШТЕТҮҮ ӨНӨР ЖАЙЫ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2025-жылдын 25-февралы № 04-13/59
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин үрөнчүлүк, асыл тукум чарбаларына, айыл чарба кооперативдерине жана айыл чарбасынын экономикалык артыкчылыктуу субьекттерине берүү тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 токтому менен бекитилген Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобонун 22-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтомунун 13-тиркемесинин 1-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө жобонун 14-пунктуна ылайык буйрук кылам:
1. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин үрөнчүлүк, асыл тукум чарбаларына, айыл чарба кооперативдерине жана айыл чарбасынын экономикалык артыкчылыктуу субъекттерине берүү тартиби ушул буйруктун тиркемесине ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин (мындан ары – Министрлик) санариптештирүү жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү бөлүмү ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы №117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоонун булактары жөнүндө” токтомуна ылайык расмий жарыяланышын камсыз кылсын.
3. Министрликтин региондор жана жаратылыш ресурстары менен иштөө башкармалыгы:
– буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйруктун эки нускадагы көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрдө, анын жарыяланган булагы жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
– ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсү мамлекеттик жана расмий тилдерде аталган буйруктун жарыяланган булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин буйруктары жана Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин төмөнкү буйруктары күчүн жоготту деп табылсын:
– 2022-жылдын 19-сентябрындагы № 329-НИ “Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фонду үрөнчүлүк, асыл тукум чарбаларына жана айыл чарба кооперативдерине берүү тартибин бекитүү тууралуу”;
– 2023-жылдын 28-мартындагы № 120-НИ “2022-жылдын 19-сентябрындагы № 329-НИ Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин үрөнчүлүк, асыл тукум чарбаларына, айыл чарба кооперативдерине жана айыл чарбасынын экономикалык артыкчылыктуу субьекттерине берүү тартибинин бекитүү жөнүндө” буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”;
– 2024-жылдын 11-сентябрындагы № 04-13/310 “Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин 2022-жылдын 19-сентябрындагы № 329-НИ “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин үрөнчүлүк, асыл тукум чарбаларына, айыл чарба кооперативдерине жана айыл чарбасынын экономикалык артыкчылыктуу субьекттерине берүү тартибинин бекитүү жөнүндө” буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”;
5. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктары ушул буйрук күчүнө киргенден кийин өздөрүнүн чечимдерин ушул буйрукка ылайык келтиришсин.
7. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басарына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - министр |
| Б.Э. Торобаев |
Бекитилди
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин
2025-жылдын_________________
№_________________ буйругу
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин үрөнчүлүк, асыл тукум чарбаларга, айыл чарба кооперативдерине жана айыл чарбасынын экономикалык жактан артыкчылыктуу субъекттерине берүүнүн
ТАРТИБИ
1. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин үрөн чарбаларына, асыл тукум чарбаларына, айыл чарба кооперативдерине жана айыл чарбасынын экономикалык артыкчылыктуу субъекттерине берүүнүн ушул тартиби (мындан ары - Тартип) Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, “Үрөн жөнүндө”, “Кооперативдер жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асыл тукум иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнунда № 243 токтомуна, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтомунун 13-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты.
2. Ушул Тартип айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга белгиленген тартипте мөөнөтсүз пайдаланууга берилген Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин берүү чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты камсыз кылууга багытталган.
Жерлерди берүү Келечек планга ылайык тиешелүү жер-пландоо зоналарынан ишке ашырылат.
3. Үрөнчүлүк, асыл тукум чарбаларына жана айыл чарба кооперативдерине Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери түз берүү ыкмасы менен берилет.
4. Айыл чарбасынын экономикалык артыкчылыктуу субъекттерине, Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери тоорук (аукцион, конкурс) аркылуу берилет.
5. Айыл чарбасынын экономикалык жактан артыкчылыктуу субъекттерине Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери 5 жылга ижарага берилет.
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери үрөнчүлүк, асыл тукум чарбаларына айыл чарба кооперативдерине 5 жылдык мөөнөткө ижарага берилет (Айыл чарба кооперативдери үчүн ушул Тартиптин 9-пунктунун талаптарын эске алуу менен). Келишимдин мөөнөтү аяктагандан кийин ижарачы башка бирдей шарттарда 20 жылга чейинки жаңы мөөнөткө ижара келишимин түзүүгө башка жактардан артыкчылыктуу укукка ээ.
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин берүү ведомстволор аралык комиссия тарабынан жүргүзүлөт, ведомстволор аралык комиссиянын курамы райондук мамлекеттик администрация тарабынан бекитилет.
6. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин алууга кайрылууларды кароо талаа иштеринин аякташын эске алуу менен айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктаган мөөнөттө жүзөгө ашырылат.
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери облустук жана республикалык маанидеги шаарлардын аймагында жайгашкан учурда ведомстволор аралык комиссиянын курамы шаардын мэриясы тарабынан бекитилет.
7. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин берүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-февралындагы № 111 Кыргыз Республикасынын калкы үчүн негизги тамак-аш азыктарын керектөөнүн орточо физиологиялык ченемдеринин тизмегине ылайык азык-түлүк коопсуздугунун бир жана андан көп продуктыларын түздөн-түз өндүрүгөн жана саткан аймактык үрөнчүлүк, асыл тукум чарбалар, айыл чарба кооперативдери, артыкчылыктуу укукка ээ болушат.
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин алууга арыздар болбогон учурда райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктары жерлерди айыл чарба жүгүртүүсүнөн чыгарууга жол бербөө максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен андан ары кызыкдар жактарга берүү үчүн бир жылдык мөөнөткө эки тараптуу келишим түзүүгө укуктуу.
8. Айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүдө оң натыйжага ээ болгон айыл чарбасынын экономикалык артыкчылыктуу субъекттерине коюлуучу талаптар:
1) айыл чарба ишмердигин ишке ашыруу боюнча инвестициялык долбоор;
2) айыл чарба продукциясын өндүрүү жана сатуу үчүн материалдык-техникалык базанын болушу;
3) керектүү кадрдык камсыздоонун болушу;
4) пайдаланылып жаткан жерлердин болушу;
5) Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 1-беренесинин 11-пунктчасында аныкталган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катталган, чет өлкөлүк жактарды кошпогондо, юридикалык жак;
6) Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуучу базалык тамак-аш азыгын өндүрүүгө багытталган иштин негизги түрлөрүнүн бири болушу. Базалык продуктулардын тизмеси Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы № 138 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун мониторинги жана индикаторлору жөнүндө жобо менен аныкталат;
7) базалык тамак-аш продуктун акыркы 3 (үч) жылдын ичинде өндүрүүнүн ар жылдык өлчөмү Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматтарынын негизинде аныкталуучу Кыргыз Республикасындагы тиешелүү азыкты өндүрүүнүн жалпы көлөмүнүн 10 % кем болбоого тийиш.
9. Айыл чарба кооперативдерине карата талаптар;
1) юстиция органдарында белгиленген тартипте мамлекеттик каттоонун болушу;
2) кооперативдин үзгүлтүксүз айыл чарба ишинин мөөнөтү үч жылдан кем болбошу керек;
3) иш кагаздарын жана бухгалтердик эсепти жүргүзүлүү;
4) айыл чарба продукциясын өндүрүү жана сатуу үчүн материалдык-техникалык базанын болушу;
5) зарыл кадрдык камсыздоонун болушу;
6) кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунда бекитилген жерди пайдалануу жана ТЭН боюнча узак жана кыска мөөнөттүү пландар. Маркетингди жүргүзүү максатында мүчөлөргө өндүрүлгөн продукциянын көлөмү жана жерди пайдалануу боюнча пландар тууралуу маалымат.
10. Ижара акысынын өлчөмү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан төмөнкү формуланын негизинде белгиленет:
ИА1 = БСН × K, мында:
ИА1 – 1 га жерди пайдалангандыгы үчүн ижара акынын өлчөмү;
БСН – айыл чарба жерлеринин бир чарчы метринин базалык салыктык наркы;
К – сугат айдоо үчүн бирдей коэффициент:
30 – иш жүзүндөгү сугат жер;
20 – сугарууга кыйынчылык жараткан жерлер;
10 – сугаттын жоктугу.
Бул градация сугат айдоо жерлери үчүн гана колдонулат, калган учурларда (кайрак айдоо жерлери, көп жылдык бак-дарактар жана чөп чабындылар үчүн) 30 барабар коэффициент колдонулат.
(Мисалы, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык Чүй облусунун Аламүдүн районундагы сугат айдоо жерлерин эсептөө:
“ИА 1 = 400 × 30 = 12000 сом).
11. Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин бергендиги үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик алышат.
12. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин субижарага берүүгө тыюу салынат.
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин берүү Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин негизинде жүргүзүлөт.
13. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин берүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:
– тиешелүү райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы;
– суу ресурстары, жер көзөмөлдөө, айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдардын аймактык түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчылары;
– райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын адиси – ведомстволор аралык комиссиянын катчысы, добуш берүү укугу жок;
– жерлердин жайгашкан жери боюнча: айыл өкмөтүнүн жана жергиликтүү кеңештердин башчылары, мэриянын жана шаардык кеңештердин башчылары.
14. Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы болуп тиешелүү райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы эсептелет.
Ведомстволор аралык комиссиянын орун басары болуп айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн өкүлү саналат.
15. Ведомстволор аралык комиссиянын курамы 7 (жети) мүчөдөн турат, ал жергиликтүү мамлекеттик администрациянын же шаардын мэриясынын чечими менен бекитилет.
16. Ведомстволор аралык комиссия жыйынга ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмеси катышканда, чечим кабыл алууга укуктуу. Добуштар тең болгон учурда ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.
17. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин алуу үчүн негиз болуп үрөн жана асыл тукум чарбалардын, айыл чарба кооперативдеринин арызы эсептелет.
18. Облустук жана республикалык маанидеги шаарлардын аймактарында жайгашкан Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин берүү боюнча ведомстволор аралык комиссияны кароонун жол-жобосу жана курамы ушул Тартипти эске алуу менен жүзөгө ашырылат.
19. Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы жалпыга маалымдоо каражаттарында, гезиттерде жана жана айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын веб-сайттарында, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын имараттарында жайгашкан атайын байкоочу жерлерге (такта, стенд) 10 күндүк мөөнөткө Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин алууга арызды кабыл алуу башталгандыгы жөнүндө коомдук кабарлоону жайгаштырат.
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери облустук жана республикалык маанидеги шаарлардын аймагында жайгашканда коомдук кабарлоону шаардын мэриясы жайгаштырат.
20. Коомдук кабарлоодо төмөнкү параметрлер көрсөтүлөт:
– коюлуп жаткан участоктун чектери;
– кадастрдык маалымат;
– жер участогунун жайгашкан жери (контурдун аталышы);
– участоктун аянты жана жерлердин түрү гектар менен;
– ушул жылы айдала турган айыл чарба өсүмдүктөрүнүн ордунда мурунку жылы айдалган өсүмдүктөрдүн жайгашуусу боюнча маалымат;
– ижаранын башталган күнү;
– жерди максаттуу пайдалануу, мында өсүмдүк өстүрүү үчүн азык-түлүк коопсуздугунун артыкчылыктарын эске алуу менен негизги максаттуу өсүмдүктөр көрсөтүлөт;
– ведомстволор аралык комиссиянын отурумун өткөрүү датасы.
21. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин алуу үчүн үрөнчүлүк, асыл тукум чарбалары жана айыл чарба кооперативдери райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгына арыз беришет (ушул Тартиптин 2-тиркемесиндеги формага ылайык).
22. Арызга төмөнкүлөр тиркелет:
– арыз ээсинин - жеке жактын ким экендигин тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү же юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
– берилген жерлерге тиешелүү графикти тиркөө менен болжолдонгон салымдардын суммасын белгилеген, ошондой эле азык-түлүк коопсуздугунун 3 жана андан ашык продуктыларына салымдардын жана багыттардын графиги менен айыл чарба ишин ишке ашыруу боюнча инвестициялык долбоор;
– берилген жерлерге которуштуруп айдоонун планы;
– берилген жерлерде айыл чарба ишин ишке ашыруунун жаңы технологияларын (тамчылатып сугаруу, айыл чарба ишин жүргүзүүнү механизациялоо ж.б.) пайдалануу жөнүндө маалымат;
– пайдаланылып жаткан жер участоктору бар болгон учурда маалымат (кадастрдык маалымат, укук белгилөөчү жана укук ырастоочу документтер);
– ыйгарым укуктуу мамлекеттик статистика органдарынан, салык кызматынан жана социалдык фонддон карыздардын жоктугу жөнүндө маалымкат жана акыркы үч жылдагы үзгүлтүксүз иш-аракеттер жөнүндө маалымат;
– айыл чарба продукциясын өндүрүү жана сатуу үчүн материалдык-техникалык база жөнүндө маалымат;
– айыл чарба кооперативдерин кошпогондо, үрөн же асыл тукум чарбасынын тиешелүү статусунун болушу;
– керектүү кадрдык камсыздоо жөнүндө маалымат.
боюнча маалымат.
Асыл тукум чарбалары үчүн төмөнкү кошумча маалыматтар берилет:
– асыл тукумду каттоо жөнүндө маалымат;
– жугуштуу жана курч жугуштуу оорулар боюнча чарбанын бакыбаттуулугу жөнүндө ветеринардык маалымкат.
Үрөн чарбалары үчүн төмөнкү кошумча маалыматтар берилет:
– жакынкы үч жылга ар бир айыл чарба өсүмдүгү боюнча үрөн өндүрүүнүн жана сатуунун көлөмүн, үрөн сатуунун болжолдуу булактарын эсептөө менен айдоо аянттарынын иш жүзүндөгү түзүмү жөнүндө маалымат;
23. Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы коомчулукка маалымдоонун жыйынтыгы боюнча 3 жумушчу күндүн ичинде мамлекеттик фонддун жерлерин алууга түшкөн арыздарды ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна жиберет
Ведомстволор аралык комиссия арыз келип түшкөн учурдан тартып 10 күндүн ичинде төмөндөгү корутундулардын бирин кабыл алат:
– оң корутунду;
Ведомстволор аралык комиссия оң корутунду берген учурда райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы аталган корутунду чыгарылган күндөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен реестр журналына милдеттүү түрдө киргизүү менен Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фонддун жерлерин берүү жөнүндө келишимин түзөт.
Ведомстволор аралык комиссия бардык катталган арыздарды карап чыгат. Берилген документтер толук эмес болгон учурда арыз ведомстволор аралык комиссиянын жыйынынын протоколунда көрсөтүү менен четке кагылат.
24. Берилген арыздарды баалоо 5 критерий боюнча жүзөгө ашырылат, алардын ар бири боюнча ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык 0дөн 5ке чейинки баа берилет.
Тандоо критерийлери:
1) берилген жерлерге которуштуруп айдоо планы;
2) берилген жерлерде айыл чарба ишин ишке ашыруунун жаңы технологияларын пайдалануу (тамчылатып сугаруу, айыл чарба ишин жүргүзүүнү механизациялоо ж.б.);
3) өндүрүлгөн продукциянын конкреттүү көрсөткүчтөрү менен айыл чарба чөйрөсүндө иш тажрыйбасы;
4) Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фонддун пайдаланууга берилген жерлерин натыйжалуу пайдалануу үчүн материалдык техникалык жабдуунун болушу;
5) айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү технологияларын сактоого мүмкүндүк берген кадрдык камсыздоонун болушу.
25. Ведомстволор аралык комиссиянын ар бир мүчөсү ар бир арыз үчүн жеке баалоо барагындагы бардык арыздарга өз алдынча баа берет.
26. Баллдын суммасы ведомстволор аралык комиссиянын ар бир мүчөсү лот боюнча бардык бааларды жана упайларды койгондон кийин эсептелет. Зарыл болгон учурда ведомстволор аралык комиссиянын мүчөсү арызга комментарий көрсөтүүгө укуктуу.
27. Жооптуу катчы ар бир арыз боюнча баллдардын жыйынтык суммасын ар бир баалоо барагынын баллдарынын суммасынын негизинде, ар бир арыздын бардык баллдарынын суммасын кошуу жолу менен эсептейт.
28. Баалоонун жыйынтыгы боюнча жооптуу катчы берилген арыздардын эң чоңунан кичинесине чейинки баллдардын акыркы суммасына жараша бөлүштүрөт. Ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна рейтингге ылайык баллдардын жыйынтыктоочу суммасын көрсөтүү менен бардык арыздар берилет.
29. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин алууга жыйынтыгында упайлардын эң көп суммасын алган арыз жеңүүчү деп жарыяланат.
30. Эгерде эки же андан көп арыздар баллдардын бирдей жыйынтык суммасын алса, ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү мындай арыздарды баалоодо критерийлердин талаптарына жараша ачык добуш беришет. Чечим жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат. Ведомстволор аралык комиссия тарабынан чечим кабыл алынганда, ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрүнүн “макул” жана “каршы” добуштары бирдей болгон учурда, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын (жыйынга төрагалык кылуучунун) добушу чечүүчү болуп саналат.
31. Ведомстволор аралык комиссиянын отурумунун жыйынтыгы боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жооптуу катчысы ар бир арыз боюнча протокол түзөт. Протоколдо түзүлгөн күнү жана өткөрүлгөн жери, маселени караган ведомстволор аралык комиссиянын курамы, протоколдун жыйынтык бөлүгү, рейтингдөөгө жана баллдын жыйынтык суммасына ылайык арыздар көрсөтүлөт. Корутундуга төрагалык кылуучу жана жыйынга катышкан ведомстволор аралык комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коюшат.
32. Кабыл алынган чечим менен макул болбогон учурда ведомстволор аралык комиссиянын мүчөсү өзгөчө пикирин жазуу жүзүндө баяндоого укуктуу, ал протоколго тиркелет.
33. Кызыкдар тараптар ведомстволор аралык комиссиянын корутундусунун көчүрмөсүн ал кабыл алынгандан кийин он күндүн ичинде алууга укуктуу.
34. Айыл чарбасынын экономикалык артыкчылыктуу субъекттерине (айыл чарбасынын экономикалык артыкчылыктуу субъектилери үчүн 8-пункттун талаптарын эске алуу менен, айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүдө оң натыйжалары барлар) тооруктар аукцион же конкурс түрүндө өткөрүлөт.
Ведомстволор аралык комиссия:
– лотторду түзөт;
– жергиликтүү мамлекеттик администрация менен макулдашуу боюнча ижара акысынын баштапкы же болбосо туруктуу өлчөмүн белгилейт;
– конкурстун шарттарын аныктайт;
– кепилдик төлөмдүн өлчөмүн белгилейт;
– лоттордун чек араларын аныктайт;
– жергиликтүү мамлекеттик администрация менен макулдашуу боюнча ар бир лот боюнча баштапкы ижара акысынын өлчөмүн белгилейт;
– жергиликтүү мамлекеттик администрация менен макулдашуу боюнча ар бир лот боюнча ижара мөөнөтүн аныктайт;
– ар бир лот боюнча аукциондун “арымынын” өлчөмүн белгилейт;
– жергиликтүү мамлекеттик администрация менен макулдашуу боюнча ижара акысын төлөөнүн түрүн жана мөөнөттөрүн аныктайт;
– тооруктардын жыйынтыгынын протоколуна кол коет;
– ушул Тартипте белгиленген башка функцияларды жүзөгө ашырат.
35. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин берүү боюнча тооруктарга талапкер катары төмөнкүлөр катыша алышпайт:
– ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү;
– аукциончу.
5. Тооруктарды өткөрүү тууралуу жалпы жоболор
36. Тоорукту уюштурууга жана өткөрүүгө чыгымдар жергиликтүү кеңеш менен макулдашуу боюнча жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан, Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин ижара акысынын эсебинен жергиликтүү бюджетке түшүүчү каражаттардан жүзөгө ашырылат.
37. Тооруктарга катышуу үчүн айыл чарбасынын экономикалык артыкчылыктуу субъекттери ушул Тартипте белгиленген формада арыз (№ 4 тиркеме) беришет жана ушул Тартиптин 40-пунктунда каралган документтерди берет.
Тооруктарга катышуу тууралуу арызды арыз ээсинин (талапкердин) өзү же ыйгарым укуктуу өкүлү аркылуу берет.
38. Ведомстволор аралык комиссиянын катчысы берилген арыздарды, ошондой эле ушул Тартиптин 40-пунктунда каралган документтерди кабыл алат жана атайын журналга каттайт.
Арыздарды жана башка документтерди кабыл алуу тооруктарды өткөрүүгө беш иш күнү калганда токтотулат.
39. Катчы (акциондун, конкурстун) тоорукка катышууга арызды жана бардык зарыл документтерди кабыл алгандан кийин арыз ээсине күнүн жана каттоо номерин көрсөтүү менен документтерди алгандыгы жөнүндө билдирүү (№ 5 тиркеме) берүүгө милдеттүү.
Тоорукка катышуудан баш тартууну кабыл алуу жана каттоо ушул пунктта белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
40. Тоорукка катышуу үчүн төмөнкү документтер берилет:
– аукционго, конкурска катышууга арыз;
– инсандын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтин көчүрмөсү же өкүлдүн ыйгарым укуктарын күбөлөндүрүүчү документ;
– кепилдик төлөмдү төлөгөндүгү жөнүндө квитанциянын көчүрмөсү.
– Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага алган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жыл үчүн ижара акысын төлөө жөнүндө кепилдик кат же милдеттенме.
Конкурска катышуу үчүн юридикалык жактар жогоруда көрсөтүлгөн документтерден тышкары конкурстун шарттары боюнча өз сунуштарын кол коюп, чапталган конвертке салып беришет.
Юридикалык жактар уюштуруу документтеринин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн, ошондой эле юридикалык жактын таламын жактаган жактардын ыйгарым укуктарын тастыктоочу документтерди кошумча беришет.
41. Катчы ушул Тартиптин 40-пунктунда көрсөтүлгөн бардык документтерди кабыл алат жана аларды ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна киргизет.
42. Талапкерлердин арыздары жана документтери ведомстволор аралык комиссия тарабынан каралат. Арыздарды жана документтерди кароонун жыйынтыгы боюнча ведомстволор аралык комиссия арыз ээлерине (талапкерлерге) тоорукка катышууга жол берүү жөнүндө чечим кабыл алат, ал тууралуу протокол түзүлүп (№ 6 тиркеме), анда бардык жол берилген арыз ээлеринин (талапкерлердин), ошондой эле ушул Тартиптин 43-пунктуна ылайык тоорукка катышууга жол берилбеген арыз ээлеринин тизмеси көрсөтүлөт.
43. Төмөнкү учурларда арыз ээсинен (талапкерден) арыз кабыл алынбашы мүмкүн:
– арыз тоорук өткөрүү жөнүндө билдирүүдө көрсөтүлгөн арыздарды кабыл алуу мөөнөтү өтүп кеткенде берилгенде;
– арыз ээсинин (талапкердин) атынан кайрылууга ыйгарым укугу жок адам тарабынан арыз берилгенде;
– тоорук өткөрүү жөнүндө билдирүүдө жарыяланган тизме боюнча зарыл болгон документтердин бардыгы берилбесе же болбосо берилген документтер тиешелүү түрдө таризделбесе.
Кабыл алынбаган арыз жана документтер арыз ээсине (талапкерге) почта аркылуу тапшырык кат менен же колуна баш тартуунун себебин көрсөтүү менен кайтарылып берилет.
44. Конкурска катышуу үчүн кепилдик төлөм ведомстволор аралык комиссия тарабынан баштапкы ижара акысынын өлчөмүнүн 5 процентинен 10 процентине чейинки өлчөмдө белгиленет, ал эми аукционго катышуу үчүн кепилдик төлөмдүн өлчөмү баштапкы ижара акысынын өлчөмүнүн 15 процентинен 30 процентине чейинки өлчөмдө белгиленет.
45. Талапкер тоорукка бир канча лот боюнча катышкан учурда, кепилдик төлөмү ар бир лот боюнча төлөнөт.
46. Кепилдик төлөмдү төлөөдө кепилдик төлөмдү төлөгөндүгү жөнүндө квитанция берилет.
47. Тооруктун жеңүүчүсү менен ижара келишимин түзгөндө кепилдик төлөмдүн суммасы ижара акысынын суммасына кошулат.
48. Айыл чарбасынын экономикалык жактан артыкчылыктуу субъекттери үчүн Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин аукцион аркылуу ижарага берүү Келечек планга ылайык жер-пландоо зонасынын алкагында жүргүзүлөт.
49. Аукционго коюлуп жаткан ар бир жер участкасы өз алдынча лот болуп түзүлүшү керек.
50. Аукционго коюлуп жаткан лоттун төмөнкүдөй маалыматты камтыган кеңири баяндамасы болууга тийиш:
– лоттун номери;
– жер участкасынын жайгашкан жери (контурдун аталышы);
– участканын аянты жана жердин түрлөрүнүн курамы, анын ичинде аштык буудай данын өстүрүү үчүн, гектар менен;
– ижара акысы;
– баштапкы ижара акысынын өлчөмү (мында баштапкы ижара акысынын өлчөмү тиешелүү жерлерге ушул Тартиптин 10-пунктунда каралган ижара акысынын минималдуу өлчөмүнөн төмөн болбоого тийиш);
– аукциондун “арымы”;
– ижара акысын төлөөнүн түрү жана мөөнөттөрү;
– сервитуттардын болушу же жоктугу.
51. Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы аукционду өткөрүүгө 30 күн калганда жалпыга жеткиликтүү жерлерде Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча аукцион өткөрүлөөрү тууралуу маалыматтык билдирүүнү таркатууга милдеттүү, анда:
– лоттордун тизмеси алардын контурларынын баяндамасы менен;
– аукционду өткөрүү шарттары, күнү, орду;
– ар бир лот боюнча баштапкы ижара акысынын өлчөмү;
– кепилдик төлөмдү төлөөнүн өлчөмү жана тартиби;
– ижара акысын төлөөнүн түрү жана мөөнөттөрү, индексациялоо жөнүндө шарттар;
– ар бир лот боюнча аукциондун “арымы”;
– арыздарды жана документтерди кабыл алууну баштоо жана аяктоо күнү;
– аукционго катышуу үчүн берилүүчү документтердин тизмеси;
– аукциондун суроолору боюнча кошумча маалымат алууга мүмкүн болгон жердин дареги көрсөтүлөт.
Муну менен бирге райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы маалыматтык билдирүүнү айылдык жыйындарда, жыйналыштарда айтып, жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялай алат.
52. Аукциондун “арымы” ведомстволор аралык комиссиясы тарабынан баштапкы ижара акынын 10 процентинен 20 процентине чейинки өлчөмүндө белгиленет. Аукциондун “арымы” аукцион бүткөнгө чейин бирдей болот.
53. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү үчүн райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы тарабынан аукционду алып баруучу дайындалат.
54. Аукцион лоттун аталышын, негизги мүнөздөмөлөрүн, баштапкы ижара акысын жана аукциондун “арымын” аукционду алып баруучу жарыялагандан башталат.
55. Аукциондун катышуучуларына номери коюлган билеттер берилет, алар кезектеги бааны жарыялагандан кийин билеттерди көтөрүп турушат.
Ар бир кийинки баа учурдагы бааны “аукциондун арымын” жогорулатуу менен белгиленет. Кезектеги бааны жарыялагандан кийин аукционду алып баруучу анын көз карашы боюнча билетти биринчи көтөргөн аукциондун катышуучусунун билетинин номерин атайт. Андан кийин аукционду алып баруучу аукциондун “арымына” ылайык кийинки бааны жарыялайт.
56. Эгер кезектеги бааны үч жолу жарыялагандан кийин катышуучулардын бири дагы андан жогору бааны сунуш кылбаса, акыркы бааны сунуш кылган катышуучу жеңүүчү деп жарыяланат.
57. Аукциондун жеңүүчүсү аукцион өткөрүлгөн күнү аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюуга тийиш. (№ 7 тиркеме). Протоколго ошондой эле аукционду алып баруучу, ведомстволор аралык комиссиясынын мүчөлөрү кол коюшат.
Протоколдо төмөнкү маалыматтар келтирилет: ижара акысынын баштапкы жана акыркы өлчөмү, жер участкасын ижаралоо келишимине кол коюу боюнча тараптардын милдеттенмелери, лоттун номери, ижара мөөнөтү ж.б. Аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколдун көчүрмөсү аукциондун жеңүүчүсүнө берилет.
58. Эгер аукциондун жеңүүчүсү аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюудан баш тартса, ведомстволор аралык комиссиясы экинчи жеңүүчүгө протоколго кол коюуну сунуш кылат. Эгер аукциондун экинчи жеңүүчүсү аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол койсо, ал аукциондун жеңүүчүсү деп таанылат.
59. Протоколдун негизинде аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол койгондон тартып беш иш күндүн ичинде райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы менен ижарачынын аукциондун жеңүүчүсүнүн ортосунда жер участкасын ижаралоо келишими (№ 1 тиркеме) түзүлөт.
60. Төмөнкү учурларда аукцион өткөн жок деп эсептелет:
а) бир катышуучу катышса;
б) ушул Тартиптин 58-пунктунда каралган учурда экинчи жеңүүчү аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюудан баш тартса;
в) баштапкы ижара акысын үч жолу жарыялагандан кийин аукциондун бир да катышуучусу билет көтөрбөсө.
61. Ушул Тартиптин 60-пунктуна ылайык белгилүү бир лот боюнча аукцион өткөн жок деп таанылган учурда ошол лот боюнча экинчи аукцион дайындалат.
Кайталап аукцион өткөрүүдө ведомстволор аралык комиссия ушул Тартиптин 60-пунктунун “а” жана “б” пунктчаларын кошпогондо баштапкы ижара акысынын өлчөмүн 15 проценттен ашык эмес төмөндөтүүгө укуктуу.
Эгер экинчи тоорук ушул Тартиптин 60-пунктунун “а” пунктчасына ылайык өткөн жок деп таанылганда, ведомстволор аралык комиссиясы жер участкасын экинчи тооруктун жалгыз катышуучусуна берүү тууралуу чечим кабыл алууга укуктуу.
62. Аукционго катышканга талапкерлер жок болуп экинчи аукцион өткөн жок деп таанылганда ведомстволор аралык комиссиясы жер участкасын конкурс аркылуу берүүгө укуктуу.
7. Конкурс өткөрүү
63. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин конкурс аркылуу ижарага берүү Келечек планга ылайык жер-пландоо зоналарынын чегинде конкурс аркылуу берилүүгө тийиш болгон жакшыртуу үчүн инвестицияларды талап кылуучу жерлер катары аныкталган жерлер боюнча жүргүзүлөт.
64. Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы конкурсту өткөрүүгө 30 күн калганда жалпыга жеткиликтүү жерлерде Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча конкурс өткөрүлөөрү тууралуу маалыматтык билдирүүнү таркатууга милдеттүү, анда:
– лоттун номери;
– жер участкасынын жайгашкан жери (контурдун аталышы);
– участканын аянты жана жердин түрлөрүнүн курамы, анын ичинде аштык буудай данын өстүрүү үчүн, гектар менен;
– конкурстун шарттары, анын ичинде ижара акысынын өлчөмү;
– ижара мөөнөтү;
– сервитуттун болушу же жоктугу;
– арыздарды жана документтерди кабыл алууну баштоо жана аяктоо күнү;
– конкурска катышуу үчүн берилүүчү документтердин тизмеси;
– конкурстун суроолору боюнча кошумча маалымат алууга мүмкүн болгон жердин дареги көрсөтүлөт.
Муну менен бирге райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы маалыматтык билдирүүнү айылдык жыйындарда, жыйналыштарда айтып, жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялай алат.
65. Конкурс Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү методу болуп саналат, анда ижарачы конкурстун шарттары менен аныкталган тиешелүү милдеттерди өзүнө алат.
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун ижарачысына коюлган талаптарга ылайык ведомстволор аралык комиссиясы конкурсту төмөнкүдөй жолдор менен өткөрө алат:
– конкурстун шарттарынын бири катары ижара акысынын өлчөмүн аныктоо (баштапкы ижара акысы аныкталат, ижара акынын өлчөмү жана ижара акыны төлөөнүн түрү, мөөнөттөрү боюнча эң жакшы шарттарды сунуш кылган катышуучу жеңүүчү деп таанылат);
– конкурстун шарттарынын бири катары ижара акысынын өлчөмү белгиленбестен (ижара акысы белгиленген, жер участогун жакшыртуу үчүн эң жакшы инвестициялык милдеттенмелерди сунуштаган катышуучу жеңүүчү деп таанылат). Мында баштапкы ижара акысынын өлчөмү тиешелүү жерлерге ушул Тартиптин 10-пунктунда каралган ижара акысынын минималдуу өлчөмүнөн төмөн болбоого тийиш.
66. Төмөнкү учурларда конкурс өткөн жок деп эсептелет:
– бир катышуучу катышса;
– ушул Тартиптин 58-пунктуна ылайык экинчи жеңүүчү ижара келишимине кол коюудан баш тартса.
67. Белгилүү бир лот боюнча конкурс өткөн жок деп таанылган учурда, ошол лот боюнча экинчи конкурс дайындалат.
Экинчи конкурсту өткөрүүдө ведомстволор аралык комиссиясы конкурстун шарттарын өзгөртүүгө укуктуу.
68. Эгер экинчи конкурс бир гана катышуучу катышкандыктан өткөн жок деп таанылса, анда жер участкасы ага экинчи конкурстун шарттарында берилет.
69. Маалыматтык билдирүүдө белгиленген убакытта ведомстволор аралык комиссиясынын отурумунда конкурстун катышуучуларынын катышуусу менен берилген арыздардын тизмеси жарыяланат. Арыздар берилбеген учурда ведомстволор аралык комиссиясы конкурсту өткөрүүнү жагдайды аныктаганга чейин токтотуп турат.
70. Берилген арыздардын тизмеси жарыялангандан кийин конкурстун катышуучуларынын катышуусу менен документерди ачуу жүргүзүлөт.
71. Конкурстун жеңүүчүсү ведомстволор аралык комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан жөнөкөй көпчүлүк добуш берүү жолу менен аныкталат жана андан кийин конкурстун жыйынтыгы ачык жарыяланат.
Ведомстволор аралык комиссиясынын чечимине ылайык конкурс боюнча эң жакшы шарттарды сунуш кылган катышуучу конкурстун жеңүүчүсү болуп таанылат.
Добуштар тең болгон учурда ведомстволор аралык комиссиясынын төрагасынын добушу чечүүчү болуп эсептелет.
72. Ведомстволор аралык комиссиясынын отуруму, эгер ага мүчөлөрүнүн жалпы санынын кеминде үчтөн экисинен кем эмеси катышса мыйзамдуу болот.
73. Эгер эки же андан көп катышуучулардын конкурстун шарттары боюнча сунуштары бирдей жана эң жакшы болуп калса, анда арызды мурда берген конкурстун катышуучусу жеңүүчү деп таанылат.
74. Конкурстун жыйынтыгы боюнча ведомстволор аралык комиссиясыпротокол түзөт (№ 8 тиркеме), анда төмөнкүдөй маалымат камтылат:
– ведомстволор аралык комиссиясынын отурумга катышкан мүчөлөрүнүн тизмеси;
– конкурстун катышуучулары жөнүндө маалыматтар жана алардын сунуштары;
– конкурстун жеңүүчүсү.
Протоколго ведомстволор аралык комиссиясынын отурумга катышкан бардык мүчөлөрү, конкурстун жеңүүчүсү кол коюшат. Протоколдун көчүрмөсү конкурстун жеңүүчүсүнө берилет.
75. Протоколдун негизинде конкурстун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол койгондон тартып беш иш күндүн ичинде райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы менен ижарачынын конкурстун жеңүүчүсүнүн ортосунда жер участкасын ижаралоо келишими (№ 1 тиркеме) түзүлөт.
Ушул Тартиптин 75-пунктунда белгиленген мөөнөттө жеңүүчүнүн күнөөсү боюнча ижара келишими түзүлбөсө, ал ведомстволор аралык комиссия тарабынан жер участкасын ижаралоо келишиминен баш тартуу катары каралышы мүмкүн.
76. Жеңүүчү протоколго же келишимге кол коюудан баш тарткан учурда ведомстволор аралык комиссиясы ошол эле арыздардын арасынан экинчи жеңүүчүнү аныктайт.
77. Жеңүүчү же экинчи жеңүүчү протоколго же келишимге кол коюудан баш тарткан учурда ал ошол лот боюнча экинчи конкурска катышуу укугунан ажырайт.
8. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин берүү жөнүндө келишим түзүү
78. Ведомстволор аралык комиссиянын арыздарды кароосунун жана жеңүүчүнү аныктоонун натыйжалары боюнча райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы беш жумушчу күндүн ичинде айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен реестр журналына милдеттүү түрдө киргизүү менен ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин берүү жөнүндө келишим түзөт.
79. Ижара келишими кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ижарачы тарабынан милдеттүү түрдө катталууга тийиш.
80. Ижара келишими төмөнкүлөрдү камтыйт:
–тараптардын аталыштары;
– келишимдин предмети;
– максаттуу пайдалануу;
– берилген жерлердин продуктуулугун жогорулатууга инвестициялык салым;
– жерди пайдалануу үчүн ижара акысы;
– форс-мажор жагдайлары;
– жаратылыш-климаттык шарттарды эске алуу менен айдоонун болжолдуу түрлөрү.
81. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин тоорук жана түз берүү аркылуу ижарага берүүдөн түшкөн каражаттар тиешелүү жергиликтүү бюджетке түшөт.
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалангандыгы үчүн ижара акылардан чогултулган суммадан аларды жакшыртуу боюнча иш-чараларды аткаруу үчүн багытталуучу каражаттын өлчөмү айылдык кеңештер тарабынан аныкталат.
9. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин берүү жөнүндө келишимди бир тараптуу тартипте бузуу
82. Үрөнчүлүк, асыл тукум чарбалары жана айыл чарба кооперативдери, айыл чарбасынын экономикалык жактан артыкчылыктуу субъекттери менен келишимди бир тараптуу тартипте бузуу төмөнкү негиздер боюнча жүргүзүлөт:
– жер участогун максатсыз пайдаланууда;
– Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин берүү жөнүндө келишимдин талаптарын сактабаган учурда;
– бир жылга ижара акысын төлөбөгөндө;
– субижарага берүүдө;
– асыл тукум жана үрөн чарбанын статусун жокко чыгарууда;
– юридикалык жак айыл чарба кооперативинин жокко чыгарганда;
– бир жылга райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгына ижарачылар тарабынан жерлерди пайдалануу боюнча отчет берилбегенде;
– келишимди бузуу жарандык жана жер мыйзамдарынын жоболоруна ылайык жүзөгө ашырылат.
10. Талаштарды чечүү
83. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүдө, пайдаланууда же келишимди бузууда келип чыккан талаш-тартыштар тиешелүү райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан комиссиялык түрдө чечилет (ведомстволор аралык комиссиясы).
84. Ведомстволор аралык комиссиянын чечими менен макул болбогон учурда бул талаш сот тартибинде каралат.
1-тиркеме
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн ТИПТҮҮ КЕЛИШИМИ
_____жылдын“____”________ (датасы) |
| ____________айылы (шаар) |
|
|
|
__________________________________________________________________
(РАӨБ аталышы)
Атынан____________________________________________________________
(РАӨБ башчысынын фамилиясы, аты, атасынын аты)
__________________________________________________________________
мындан ары “Ижара берүүчү” деп аталуучу, бир тараптан, жана
__________________________________________________________________ ( жер участогун ижарага алып жаткан жеке жактын фамилиясы, аты, атасынын аты, юридикалык жактын аталышы)
мындан ары “ Ижарачы” деп аталуучу, башка тараптан, төмөнкүлөр жөнүндө ушул Келишимди түздүк:
1. Келишимдин предмети
Ижарага берүүчү ____________ га жерди Ижарачыга, анын ичинде жердин түрлөрү боюнча, тиркелген экспликацияга ылайык _____________ (жер участогун пайдалануунун түрү көрсөтүлөт) _______жылга чейин ушул келишимге тиркелген планда (картада) 1:__________ масштабда көрсөтүлгөн чектерде, ______мөөнөткө ,________баштап_________жылга чейин ижарага берет, ал эми Ижарачы көрсөтүлгөн жер участогун шарттарга жана ушул Келишимге ылайык тартипте кабыл алат.
2. Ижара акысы
2.1. Ушул Келишимдин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогун пайдалангандыгы үчүн Ижарачы Ижарага берүүчүгө жыл сайын (же башка макулдашылган мөөнөттө) графикке ылайык ___ сом өлчөмүндө ижара акысын төлөп берүүгө милдеттенет.
2.2. Ижара акысын төлөө боюнча милдеттенмелер бузулганда, Ижарачы төлөмдүн кечиктирилген ар бир күнү үчүн өз убагында төлөнбөгөн сумманын 0,09 пайызы өлчөмүндө туум кошулат.
2.3. Ижара акысынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда өзгөртүлүүгө жатат.
3. Ижарачынын укуктары жана милдеттери
3.1. Ижарачы укуктуу:
– ижарага алынган жер участогунда өз алдынча чарба жүргүзүүгө;
– өз каражаттарынын эсебинен ижарага алынган жер участогунун асылдуулугун жана абалын жакшыртуу боюнча мелиоративдик жана башка иштерди жүргүзүүгө;
– ижарага алынган жер участокторун мамлекеттик же коомдук муктаждыктар үчүн алып койгон учурда кыртыштын асылдуулугун жогорулатууга жана жоготуулардын ордун толтурууга, анын ичинде алынбай калган пайданын ордун толтурууга жумшалган чыгымдардын компенсациясын алууга;
3.2. Ижарачы милдеттүү:
– ижарага алынган жер участогун максаттуу багытына ылайык натыйжалуу пайдаланууга;
– өзүнүн чарбалык ишинин натыйжасында ижарага алынган жер участогунда жана ага чектеш аймактарда экологиялык абалдын начарлашына жол бербөөгө;
– башка жер пайдалануучулардын жана жаратылышты пайдалануучулардын укуктарын, ошондой эле суу, токой жана башка жаратылыш объекттерин пайдалануу тартибин бузбоого;
– Ижарага берүүчүгө чектеш жерди пайдалануучуларга жоготуулардын, анын ичинде алынбай калган пайданын ордун өзүнүн чарбалык ишинин натыйжасында жердин сапатынын жана экологиялык кырдаалдын начарлашына байланыштуу толук көлөмдө толтурууга;
– Ижарага берүүчүгө жерлерди пайдаланууну жана коргоону мамлекеттик контролдоо органдарына участокко эркин кирүүнү камсыз кылууга;
– келишим аяктагандан кийин жер участогун Ижарага берүүчүгө ушул келишим күчүнө кирген учурдан кем эмес абалда кайтарып берүүгө.
4. Ижарага берүүчүнүн укуктары жана милдеттери
4.1. Ижарага берүүчү укуктуу:
– Ижарачынын жерлерди пайдалануусуна жана корголушуна контролдукту жүзөгө ашырууга;
жана экологиялык кырдаалдын начарлашынан улам келтирилген чыгымдардын ордун толтурууга;
менен макулдашуу боюнча зарыл өзгөртүүлөрдү жана тактоолорду киргизүүгө;
– жер, жаратылышты коргоо мыйзамдарын жана ушул келишимдин шарттарын бузуу менен Ижарачы жүргүзгөн иштерди токтотууга.
4.2. Ижарага берүүчү милдеттүү:
– жер участогун Ижарачыга келишим катталган учурдан тартып мөөнөтүндө жана анын арналышына жана келишимдин шарттарына ылайык абалда өткөрүп берүүгө;
– Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин абалына контроль жүргүзүүгө;
5. Өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, ошондой эле келишимди бузуу тартиби.
5.1. Жер участогуна ижара келишими Ижарачы тарабынан төмөндөгү бузуулар жөнүндө жазуу жүзүндө эскертүү берилгенден кийин 30 күндүк мөөнөттө четтетилбеген учурда бир тараптуу тартипте бузулушу мүмкүн:
а) ижара келишиминин шарттарын олуттуу бузуу менен жер участогун пайдалануу;
б) жерди максатсыз пайдалануу;
в) жер участогун кыртыштын асылдуулук катмарынын бузулушуна, экологиялык кырдаалдын начарлашына алып келүүчү ыкмалар менен пайдалануу;
г) ижара акысын келишимде белгиленген мөөнөттө төлөбөө;
д) кыртыштын асылдуулугун олуттуу начарлатуу;
е) Ижарачы тарабынан келишимдин шарттарын аткарылбашы;
ж) конкурстун шарттарына ылайык жер участогун жакшыртуу боюнча милдеттенмелердин аткарылбашы;
з) тараптар ижара акысынын өлчөмүн индекстөө жөнүндө макулдашууга жетише албашы;
и) асыл тукум, үрөн чарбасынын статусун жана айыл чарба кооперативинин юридикалык жактын күбөлүгүн жокко чыгаруу;
к) субижарага берүү.
л) ижарачы азык-түлүк буудай данын өстүрүү үчүн жердин 1/3 бөлүгүн пайдалануу боюнча милдеттенмелерди аткарбаса.
5.2. Бул келишим талаа айыл чарба иштери башталганга чейин же аяктагандан кийин бузулушу мүмкүн.
6. Тараптардын Жоопкерчилиги
Ар бир Тарап ушул келишимдин шарттарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
7. Талаш-тартыштарды чечүү тартиби
7.1. Ушул келишим боюнча келип чыгышы мүмкүн болгон бардык талаш-тартыштарды Тараптар сүйлөшүү жолу менен чечүүгө аракет кылышат. Макулдашууга жетишилбеген учурда талаш-тартыштар сот тартибинде чечилет.
7.2. Башка шарттар_______________________________________
7.3. Келишим бирдей юридикалык күчкө ээ болгон үч нускада түзүлдү. Бир нускасы Ижарага берүүчүдө, экинчиси Ижарачыда калат, үчүнчүсү кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жергиликтүү органына берилет.
7.4. Тараптардын юридикалык даректери жана банк реквизиттери:
Ижарага берүүчү |
| Ижарачы |
_____________________________ |
| _____________________________ |
_____________________________ |
| _____________________________ |
_____________________________ |
| _____________________________ |
|
|
|
Колу: |
|
|
Ижарага берүүчү |
| Ижарачы |
_______________________ |
| _____________________________ |
(колу) |
| (колу) |
М.О. |
| М.О. |
Келишим катталды ___________________________________ районунда
“___”__________________ 20___ жыл.
Каттоо номери ___________________________________________
М.О.
2-тиркеме
|
| Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысына _________________________________________ |
|
| Кимден: ____________________________________ |
|
| (ижарачынын фамилиясы, аты жана атасынын аты) |
|
| _________________________________________ |
|
| (паспорт маалыматтары: сериясы, номери, |
|
| _________________________________________ |
|
| качан жана ким тарабынан берилген/ |
|
| _________________________________________ |
|
| _________________________________________ |
|
| _________________________________________ |
|
| юридикалык жактын аталышы (бар болсо), |
|
| ________________________________________ |
|
| юридикалык дареги) |
АРЫЗ
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жер участогун ижарага алуу укугун алууга катышууга уруксат берүүңүздү өтүнөм.
Тиркелүүчү документтердин тизмеси:
1) _______________________________________________________________
2) _______________________________________________________________
3) _______________________________________________________________
4) _______________________________________________________________
Арыз ээсинин колу ________________________________________________
(аты-жөнү жана фамилиясы)
“___” _______________ ____ ж.
Арызды каттоо датасы жана номери
“___” ________ ____ ж. № ______
__________________________________________________________________
(арызды кабыл алган адамдын кызматы, инициалдары жана фамилиясы, колу)
3-тиркеме
Тандоо критерийлеринин классификациясы
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин алуу үчүн
№ п/п | Аталышы субъектинин | Которуштуруп айдоо планы | Жаңы технологиялар | Иш тажрыйбасы | Материалдык техникалык жабдуулардын болушу | Кадрдык болушу камсыз кылуу | Баллдын суммасы |
0дөн 5ке чейин упайлар | |||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
______________________________________________________________
(тандоо критерийлеринин классификациясын толтурган ведомстволор аралык комиссия мүчөсүнүн кызмат орду, аты-жөнү, фамилиясы, датасы, колу)
4-тиркеме
|
| Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысына ______________________________________ (ижарачынын фамилиясы, аты-жөнү) _____________________________________ (паспорт боюнча маалыматтар серия,
______________________________________ номери, качан, ким тарабынан берилген) ______________________________________ (юридикалык жактын аталышы, ______________________________________ юридикалык дареги) |
АРЫЗ
Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун № __________ лот боюнча жер участкасына ижара укугун сатуу боюнча тоорукка (аукцион/конкурс) катышууга уруксат берүүңүздү суранам.
Тиркелүүчү документтердин тизмеси:
1) ____________________________________________
2) ____________________________________________
3)_____________________________________________
4) ____________________________________________
Арыз ээсинин колу____________________________________________________________
(фамилиясы, аты-жөнү, атасынын аты )
________ жылдын “______” ______________________
Арыз берген күнү жана каттоо номери
______ жылдын “_____” ________ _____________________
_________________________________________________________________________
(арызды кабыл алган адамдын кызмат орду фамилиясы, аты-жөнү, колу,)
Эскертүү. Жер участогун жалпы биргелешкен пайдаланууга алган учурда арызга жер участогунун өлчөмдөрү аныкталуу менен ижарачылардын тизмеси тиркелет.
5-тиркеме
БИЛДИРҮҮ (документтерди каттоо жана кабыл алуу жөнүндө)
__________ жылдын “________” _______________ _____________________
(жылы) (күнү) (айы) райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы
Каттоо номери _______________
1._______________________________________________________________________
(талапкердин, жеке жактын фамилиясы, аты-жөнү, паспорт №
_______________________________________________________________________
юридикалык жактын аталышы)
Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун лот _______________,
аянты _________ га болгон жер участкасын ижарага алуу үчүн тоорукка (аукцион, конкурс) катышууга арыз кабыл алынды. Жер участкасынын орун алган жери
_______________________________________________________________________
(орун алган жеринин жазылышы)
2. Тоорук (аукцион, конкурс) 20 ____ ж. “_____”__________________ № _________ кабинетте _____________________________________ имаратында_____________________
дареги боюнча________________________________________________________________
(жайгашкан жери толук жазылат)
.
3. Арыз менен бирге ошондой эле төмөнкү документтер кабыл алынды:
_______________________________________________________________________
_______________________________________________________________________
Талапкердин арызын кабыл алууга жана каттоого жооптуу адамдын фамилиясы, аты-жөнү, ээлеген кызматы жана колу
__________________ колу
6-тиркеме
ПРОТОКОЛ №__________
______ жылдын “_______” ________________
(күнү) (айы)
арыз ээлерин (талапкерлерди) Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча ______________________________тоорукка катышууга
жол берүү жөнүндө
Ведомстволор аралык комиссиянын курамы:
Төрага____________________________________________________________
Катчы_____________________________________________________________
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү__________________________
Арыздардын саны ___________, анын ичинде:
аукционго _________________,
конкурска _________________.
Тоорукка катышууга жол берилген арыз ээлери (талапкерлер) (Ф.А.Ж):
1. _______________________________________________________________
2. _______________________________________________________________
3. _______________________________________________________________
Тоорукка катышууга жол берилбеген арыз ээлери (талапкерлер) (Ф.А.Ж):
1. _______________________________________________________________
___________________________ (жол бербөөнүн себебин көрсөтүү менен)
2. _______________________________________________________________
___________________________ (жол бербөөнүн себебин көрсөтүү менен)
3. _______________________________________________________________
___________________________ (жол бербөөнүн себебин көрсөтүү менен)
Ведомстволор аралык комиссиясынын төрагасы ____________________________________
7-тиркеме
ПРОТОКОЛ №___
______ жылдын “_______” ________________
жылы (күнү) (айы)
Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча аукцион өткөрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө
Аукционду уюштуруучу: ____________________________________________
Аукционду алып баруучу: ___________________________________________
Жеңүүчү: _________________________________________________________
Экинчи жеңүүчү: __________________________________________________
Бул лот боюнча аукционго катышкандардын саны: ______________________
Лоттун номери ______, аянты ______ га, анын ичинде айдоо _____ га,
анын ичинде сугат айдоо _____ га, көп жылдык өсүмдүктөр ______ га,
чабындылар __________ га.
Ижара мөөнөтү ____________________________________________________
(сан жана жазуу түрүндө)
Баштапкы ижара акысы _____________________________________________
(сан жана жазуу түрүндө)
Ижара акысынын акыркы өлчөмү _____________________________________
(сан жана жазуу түрүндө)
Тоорукту уюштуруучу ______________________________________________
(Ф.А.Ж.) (колу)
Аукционду алып баруучу ____________________________________________
(Ф.А.Ж.) (колу)
Аукциондун жеңүүчүсү ______________________________________________
(Ф.А.Ж.) (колу)
8-тиркеме
ПРОТОКОЛ №_________
______ жылдын “_______” ________________
жылы (күнү) (айы)
Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча конкурс өткөрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө
Ведомстволор аралык комиссиянын курамы:
Төрага ______________________________________________________________________
Катчы _______________________________________________________________________
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү_____________________________________
Жеңүүчү: ____________________________________________________________________
Экинчи жеңүүчү: ______________________________________________________________
Лоттун номери ______, аянты ______ га, анын ичинде айдоо _____ га,
анын ичинде сугат айдоо _____ га, көп жылдык өсүмдүктөр ______ га,
чабындылар __________ га.
Бул лот боюнча берилген сунуштардын саны:
Катышуучу | Сунуш |
Конкурстун жеңүүчүсү |
|
Экинчи жеңүүчү |
|
Ж.у.с. |
|
Ижара мөөнөтү ____________________________________________________
(сан жана жазуу түрүндө)
Баштапкы ижара акысы _____________________________________________
(сан жана жазуу түрүндө)
Ижара акысынын түрү жана мөөнөтү__________________________________
(сан жана жазуу түрүндө)
Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы __________________
(Ф.А.Ж.) (колу)
Ведомстволор аралык комиссиянын катчысы __________________
(Ф.А.Ж.) (колу)