Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 5-февралы № 58
Баалуу металлдар жана асыл таштар менен айрым операциялар жөнүндө
Баалуу металлдар рыногун өнүктүрүү максатында, "Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13, 16-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасында баалуу металлдардан жасалган зер жана башка буюмдарды пробалоо жана эн тамгасын басуу тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасында пробалык көзөмөл жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;
3) Уникалдуу янтардык түзүлүштөрдү асыл таштарга киргизүү тартиби 3-тиркемеге ылайык;
4) Баалуу металлдарды жана асыл таштарды эсепке алуу, сактоо жана ташуу, ошондой эле отчеттуулукту жүргүзүү жөнүндө жобо 4-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 560 "Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишин тартипке келтирүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Баалуу металлдарды, асыл таштарды жана алардан жасалган буюмдарды калктан сатып алуу пункттарынын ишинин эрежелери ушул токтомдун 5-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-июнундагы № 303 "Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операциялар чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-августундагы № 422 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-июнундагы № 303 "Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операциялар чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 80 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине жана Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтомунун 2-пункту;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 37 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-июнундагы № 303 "Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операциялар чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-июлундагы № 390 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-июнундагы № 303 "Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операциялар чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 634 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-июнундагы № 303 "Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операциялар чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
7) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-сентябрындагы № 580 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин "Атайын байланыш кызматы" мамлекеттик ишканасынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күңдөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 7-февралындагы № 9 (3665) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
5-тиркеме
"Баалуу металлдарды, асыл таштарды жана алардан жасалган буюмдарды калктан сатып алуу пункттарынын ишинин ЭРЕЖЕЛЕРИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзгөн сатып алуу пункту белгиленген тартипте баалуу металлдарды, асыл таштарды жана алардан жасалган буюмдарды өндүрүү, пайдалануу, жүгүртүү, эсепке алуу жана сактоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын аймагында көрсөтүлгөн баалуулуктар менен операцияларды аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоодон өтөт.
2. Баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган буюмдарды жана алардан сыныктарды сатып алуу баалары Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында келишимдик негизде белгиленет.
3. Сатып алуу пункттарынын кызматкерлери өз ишинде "Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Салык кодексин, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын жана ушул Баалуу металлдарды, асыл таштарды жана алардан жасалган буюмдарды калктан сатып алуу пункттарынын ишинин эрежелерин (мындан ары - Эрежелер) жетекчиликке алат.
2-глава. Калктан сатып алынуучу баалуулуктар жана аларды таразага тартуу тартиби
4. Сатып алуу пункттары калктан төмөнкүлөрдү сатып алат:
1) асыл таштарды (алмаздар, изумруддар, рубиндер, сапфирлер);
2) жарым-жартылай асыл жана кырдалган жасалга таштары (аметисттер, топаздар, хризопраздар, аквамариндер, агаттар, сердолик, малазит, нефрит) жана алардан жасалган буюмдар;
3) синтетикалык таштар жана алардан жасалган буюмдар;
4) баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган зер (тиричилик) буюмдар, зер (тиричилик) буюмдардын сыныктары, баалуу металлдардан жасалган сааттардын корпустары;
5) баалуу металлдар камтылган монеталар;
6) баалуу металлдардан жасалган тиш протездери, мурда колдонулган, тазаланган түрдө.
5. Сатып алуу пунктунда салмак өлчөөчү приборлор жумуш ордунда баалуулуктарды сатуучу берип жаткан баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган буюмдардын салмагынын тууралыгына ишенүү мүмкүнчүлүгүнө ээ боло тургандай кылып орнотулат.
6. Баалуулуктарды таразага тартуу төмөнкүдөй тактыкта жүргүзүлөт:
1) алтын, платина, палладий жана алардан жасалган буюмдар - 0,01 г чейин;
2) күмүш жана күмүштөн жасалган буюмдар - 0,1 г чейин;
3) алкагы жок асыл таштар - 0,01 каратка чейин;
4) жарым-жартылай асыл жана синтетикалык таштар - 0,01 г чейин;
5) жасалга таштары - 0,01 г чейин.
3-глава. Баалуулуктарды сатып алуу тартиби
7. Баалуулуктарды сатууда жарандар сатып алуу пунктуна паспортун же аны алмаштыруучу документин көрсөтүүгө милдеттүү.
8. Баалуулуктарды сатып алуу менен байланышкан бардык операциялар (пробасын аныктоо, таразага тартуу) баалуулуктарды сатуучунун катышуусунда жүргүзүлөт.
Сатып алуучу калктан сатылып алынуучу баалуулуктарды баалоону баалуу металл буюмдарына жана сыныктарына, асыл жана жарым-жартылай асыл таштарга келишимдик баалардын негизинде жүргүзөт.
9. Баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган баалуулуктарды сатып алууну эсепке алуу журналында (ушул Эрежелердин тиркемеси) төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- аталышы (сөйкө, шакек, топтом, чынжыр жана башкалар же алардын сыныктары), салмагы, пробасы, суммасы;
- асыл таштардын аталышы, саны, салмагы, бир карат үчүн сатып алуу баасы, суммасы.
Татаал реставрациядагы жана сыныктардагы алтын, платина жана күмүш буюмдар алардын санын, металлдын түрүн жана анын пробасын, бир граммы үчүн сатып алуу баасын жана суммасын көрсөтүү менен буюмдун аталышы боюнча же буюмдун бөлүктөрү боюнча жазылат.
Күмүштөн жасалган буюмдар, анын ичинде күмүш сабы бар бычактар, вилкалар жана башкалар пробасын, санын, бир даанасы үчүн сатып алуу баасын жана суммасын көрсөтүү менен аталышы боюнча жазылат.
Ири (1 карат жана андан жогору), орточо (0,50 тартып 0,99 каратка чейин) бриллианттар анын аталышын, сатып алуу баасын, салмагын көрсөтүү менен ар бир таш боюнча өзүнчө жазылат.
Роза түрүндөгү алкактуу алмаздар, 0,49 каратка чейинки майда бриллианттар жана жөнөкөй алкактуу бриллианттар алардын санын, салмагын, бир карат үчүн сатып алуу баасын жана суммасын көрсөтүү менен сатып алуу баасынын аталышы боюнча жазылат.
Изумруддар, сапфирлер жана рубиндер:
- салмагы 1 каратка чейинкилер сатып алуу баасын, санын, салмагын, бир карат үчүн сатып алуу баасын жана суммасын көрсөтүү менен аталышы боюнча жазылат;
- салмагы 1 каратка чейинки жана андан жогорулар аталышын, салмагын, бир карат үчүн сатып алуу баасын жана суммасын көрсөтүү менен ар бир таш боюнча жазылат.
Бермет:
- ориенталь жана дарыя бермети - сыпатталышы, берметтердин саны, салмагы, бир карат үчүн сатып алуу баасы жана суммасы боюнча жазылат;
- табигый кафим жана өстүрүлгөн берметтин тышкы көрүнүшүнүн сыпатталышы, салмагы, бир граммы үчүн сатып алуу баасы жана суммасы боюнча жазылат.
Жарым-жартылай асыл жана жасалга таштары салмагын, бир граммы үчүн сатып алуу баасын жана суммасын көрсөтүү менен аталышы боюнча жазылат.
Баалуу металлдардан жасалган алкагы бар раковиналардан, жарым-жартылай асыл жана жасалга таштарынан колго жасалган таштар баалуу металлдардын бир граммы үчүн салмагын көрсөтүү менен аталышы боюнча жазылат.
Алкагы жок раковиналардан, жарым-жартылай асыл жана жасалга таштарынан колго жасалган таштар аталышы, саны, бир даанасы үчүн сатып алуу баасы боюнча жазылат.
10. Сатылып алынган баалуулуктар сатып алуу пункту алардын баасын төлөгөндөн кийин баалуулуктарды сатуучуларга кайра кайтарылып берилбейт.
11. Сатып алуу пункттарынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык ушул Эрежелерди бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
12. Сатып алуу пункттарынын ишин контролдоо баалуу металлдарды, асыл таштарды жана алардан жасалган буюмдарды өндүрүү, пайдалануу, жүгүртүү, эсепке алуу жана сактоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын аймагында көрсөтүлгөн баалуулуктар менен операцияларды аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан компетенциясынын чегинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
|
| Баалуу металлдарды, асыл таштарды жана алардан жасалган буюмдарды калктан сатып алуу пункттарынын ишинин эрежелерине тиркеме |
Баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган баалуулуктарды жана алардын сыныктарын сатып алууну эсепке алуу ЖУРНАЛЫ
№ | Кабыл алуу датасы | Өткөрүүчүнүн аты-жөнү | Паспорттук маалыматтары | Буюмдун аталышы | Салмагы грамм менен | Пробасы | Суммасы | Кабыл алууда колу | |
Буюм | Сыныгы | ||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Чыгаруу датасы | Кимге чыгарылган (аты-жөнү) цехке же сатууга | Саны (даана) | Пробасы | Грамм үчүн баасы | Суммасы | Кабыл алууда колу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Калдыгы ________________________________________________________________
Киреше ________________________________________________________________
Чыгым ________________________________________________________________
Калдыгы ________________________________________________________________".