Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 31-январы №5-3
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн эсебиндеги 2025-жылдын 1-январына карата калган калдык акча каражаттарынын пайдалануу багыттарын аныктоо жөнүндө
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн эсебиндеги 2025-жылдын 1-январына карата калган калдык акча каражаттарынын пайдалануу багыттарын аныктоо боюнча Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Ы. Мөндүрбаеванын, Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевдин жана финансы-экономикалык жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Т. Аттокуровдун сунуштарынын негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджеттик эсебиндеги 2025-жылдын 1-январына карата 16 202 001 (он алты миллион эки жүз эки миң бир) сом калдык акча каражаты төмөндөгүдөй багыттарга пайдаланууга бөлүштүрүлсүн:
1) Лизингге алынган техникалардын төлөмүнө – 2 000 000 сом;
2) Архитектурага ПСД, Смета, технадзор ж.б. кызматтарга, кызматтарына –
1700 000 сом;
3) Ак-Жар айылында салынып жаткан спорт комплекстин курулуш ишин улантуу боюнча өздүк салымга – 8 200 000 сом;
4) Ак-Жар айылынын ген.планына өзгөртүү киргизүү – 500 000 сом;
5) Ат-Башы, Ак-Жар, Ача-Кайынды айылдарына яма беккари салдыруу үчүн – 1300 000 сом;
6) Ат-Башы айылындагы квартал башчылардын эмгек акысына 14 квартальный 3000*14*4*17,25% – 197 000 сом;
7) Ак-Жар айылындагы квартал башчылардын эмгек акысына 3 квартальный 3000*3*4*17,25% – 42 200 сом;
8) “Кыргыз котелго” Керимбаев мектеби үчүн карыз – 500 000 сом;
9) Жаналы уулу Абдырахман мектеби карыз – 23 800 сом;
10) “Чар” участкасына суу чыгаруу боюнча насос алуу президенттин тапшырмасы – 200 000 сом;
11) Ат-Башы айылындагы кире беришиндеги Кыяга орнаменттерди түшүрүү – 1 367 876 сом;
12) РЭТ ишканасынан тех.шарттарды алууга – 150 000 сом;
13) Заправка картридж – 21125 сом;
2. 2024-жылдын 1-январына карата Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн атайын эсеп-счетундагы ата-энелерден түшкөн төлөмдүн калдык болуп калган 1 123 167,83 сом (бир миллион бир жүз жыйырма үч миң бир жүз алтымыш жети сом 83 тыйын) акча каражаты бала бакчадагы балдардын тамак ашы үчүн пайдаланылсын:
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Докоевге тапшырылсын;
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | У. Мелис уулу |
|
|