Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 31-январы №5-7
Англис тили, чебер колдор, жаш эколог, көркөм сөз өнөрү сабактарын жана тогуз коргоол ийримин өткөрүү үчүн Ак-Жар маданият үйүнүн 3 бөлмөсү класс катары Ат-Башы райондук М. Өмүракунов атындагы балдар-өспүрүмдөр спорт мектебине убактылуу пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө
Англис тили, чебер колдор, жаш эколог, көркөм сөз өнөрү сабактарын жана тогуз коргоол ийримин өткөрүү үчүн Ак-Жар маданият үйүнүн 3 бөлмөсү класс катары Ат-Башы райондук М. Өмүракунов атындагы балдар-өспүрүмдөр спорт мектебине убактылуу пайдаланууга макулдук берүү боюнча Ат-Башы айыл өкмөтүнүн адиси Т. Кудайбергеновдун берген маалыматын угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Англис тили, чебер колдор, жаш эколог, көркөм сөз өнөрү сабактарын жана тогуз коргоол ийримин өткөрүү үчүн Ак-Жар маданият үйүнүн 3 бөлмөсү класс катары Ат-Башы райондук М. Өмүракунов атындагы балдар-өспүрүмдөр спорт мектебине убактылуу пайдаланууга макулдук берилсин;
2. Ат-Башы райондук М. Өмүракунов атындагы балдар-өспүрүмдөр спорт мектебине Ак-Жар маданият үйүнөн класс катары берилип жаткан бөлмөлөр 1 (бир) жылдык мөөнөткө келишимдин негизинде берилсин жана өткөрүп берүү, өткөрүп алуу актылары милдеттүү түрдө түзүлсүн.
Тѳрага | У. Мелис уулу |
|
|