Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 19-декабры № 1/2-10
Жаны-Алыш айылынын ардактуу атуулу – наамын берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сыйлыктар жана Ардактуу наамдарга көрсөтүү” жөнүндө мыйзамына Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн алдыңкы адамдарына урмат, сый көрсөтүү, даңктоо иштерин жүргүзүүнү боюнча Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Э.Мамытованын баяндамасын угуп жана талкулап айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн “Жаны-Алыш айлынын ардактуу атуулу” наамын берүү сунушу бекитилсин:
– Оморов Бактыбек Абдывалиевич
– Абдысаков Калет Мамбеталиевич
– Акматов Болотбек.
2. “Жаны-Алыш айылынын ардактуу атуулу” – деген төш белги жана 5000(беш миң) сом өлчөмүндөгү бир жолку акча каражаты менен сыйлансын.
3. Бул токтомду ишке ашырууга акча каражатын бөлүп берүү жагы Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Сулаймановго жана ФЭО башчысы Г.Мадиевага тапшырылсын
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Сулаймановко тапшырылсын.
Кеңешинин төрагасы | А. Карамырзаев |