Загрузка документа…
КҮРПҮЛДӨК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН КҮРПҮЛДӨК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күрпүлдөк айылдык кеңешинин депутаттарынын VIII – чакырылышынын III – сессиясы
2025-жылдын 5-февралы № 7/III-1-25/VIII
Күрпүлдөк айыл өкмөтүнүн 2024- жылынын
бюджетинин аткарылышы жана 2025-жылдын
бюджетин бекитүү жөнүндө
Күрпүлдөк айылдык кеңешинин сессиясында эсеп-кысап бөлүмүнүн башчысы Урматбек кызы Чынарга Күрпүлдөк айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2025- жылдын бюджетин бекитүү боюнча маалыматтарды угуп жана талкуулап Күрпүлдөк айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күрпүлдөк айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүн башчысынын 2024- жылдын бюджеттин аткарылышы тууралуу маалыматы жакшы деп баалансын.
2. 2024- жылдын 1-январына эркин калдык -10478,3 миң сомду түзөт.
3. 2024-жылы киреше бөлүгүнө 39445,6 миң сом акча каражаты түшүп жана чыгаша бөлүгү 47275,6 миң сомго сарпталган.2025- жылдын 1-январына жергиликтүү бюджеттин жалпы эркин калдыгы -2648,2 миң сомду түздү.
4. 2025-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 28153,0 миң сом, анын ичинде атайын эсептин киреше жана чыгаша бөлүгү – 2240,0 миң сомго акча каражаты бекитилсин (тиркеме №1 ,№2)
5.Резервдик фондко -259,0 миң сом акча каражаты каралсын.
6.Күрпүлдөк айыл өкмөтүнүн штаттык тартиби бардыгы –29 бирдик бекитилсин, анын ичинен мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн штаттык тартиби -13 бирдик,контракт-4 бирдик, маданият жана спорт бөлүмү- 9 бирдик , китепканага -3 бирдик.
7. Айыл өкмөтү боюнча нормативдик ченемдер :
- жумуш берүүчү жалданган жумушчунун кирешеси -90%
- ыктыярдуу патент негизинде салык -100 %
8. Бюджеттик бөлүмдөргө түшкөн атайын каражаттар казыналык тутумдан тышкары колдонулушуна тыюу салынат.
9.2025-жылдын бюджеттик каражаттары айылдык Кенештин макулдашуусу менен Күрпүлдөк айыл өкмөтүнүн башчысына керектүү колдонууга жана кайра бөлүштүрүүгө укугу берилет.
10. Ушул токтомдун ишке ашыруусу бюджеттик комиссиясынын төрагасы Сатылганова М көзөмөл жүргүзүүсү жүктөлсүн.
Төрага | Э. Букаров |