Загрузка документа…
КҮРПҮЛДӨК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН КҮРПҮЛДӨК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күрпүлдөк айылдык кеңешинин депутаттарынын VIII – чакырылышынын III – сессиясы
2025-жылдын 5-февралы № 9 / III- 3- 25-VIII
Күрпүлдөк айыл аймагынында
зоналык коэффициенттин (Кз) жана таштандыларды
чыгаруу боюнча кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 404-беренесинин 4-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын 18-январь 2022-жылындагы “Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” мыйзамына ылайык жана ошондой эле жергиликтүү бюджетке кошумча кирешелердин түшүшүн камсыз кылуу максатында, Күрпүлдөк айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Күрпүлдөк айыл аймагында 1- январь 2025-жылдан баштап зоналык коэффициенттин мааниси (Кз) , калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерди, үйлөрдүн короо-жай участокторун пайдалангандыгы үчүн жер салыгы 1,2 өлчөмүндө эсептөөгө бекитилсин.
2. Төмөнкү жарандар үй жанындагы короо жай жана багбанчылык-огороддук участокторун пайдалангандыгы үчүн жер салыгын төлөөдөн бошотулсун ;
1) Афганистан жана башка өлкөлөрдөгү согушка катышкан аскер кызматчылары, Чернобыль АЭСиндеги аварияны жоюуга катышкандар,ошондой эле бала кезиндеги майыптыр, 1-чи жана 2-чи топтогу майыптар.
2) Пенсиялык куракка жеткен жеке адам.
3) Төрт же андан көп сандагы жашы жете элек балдары бар жеке адамдар.
3. Күрпүлдек айыл өкмөтүнүн тургундары үчүн таштандыларды чогултуу жана чыгаруу тарифи бир кишиге 20 сомдон жана юридикалык мекемелерге бир кишиге 50 сомдон белгиленсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигинин Чүй-Бишкек башкармалыгына каттого жана мамлекеттик реестрдин ченемдик актыларга киргизүү учүн жөнөтүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышы Күрпүлдөк айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.О. Омуркулов жана Күрпүлдөк айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Урматбек кызы Чынарага жүктөлсүн.
6. Ушул токтомдун ишке ашыруусу бюджеттик комиссиясынын төрагасы М.Сатылгановнага көзөмөл жүргүзүүсү жүктөлсүн.
Төрага | Э. Букаров |