Загрузка документа…
КҮРПҮЛДӨК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН КҮРПҮЛДӨК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күрпүлдөк айылдык кеңешинин депутаттарынын VIII – чакырылышынын III – сессиясы
2025-жылдын 5-февралы № 11 / III- 4- 25-VIII
Мамлекеттик фонддогу айыл чарба жерлерин
ижарага берүү мөөнөтүн, старттык бааларын жана
ижарага берүү өлчөмүн бекитүү
Күрпүлдөк айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Акпаровдун айыл өкмөтүндөгү мамлекеттик фондуга караштуу айыл чарба жерлерин ижарага берүү боюнча мөөнөттөрүнө, старттык бааларына жана өлчөмүнө өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү сунушун карап чыгып Күрпүлдөк айылдык кеңешинин депутаттары
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күрпүлдөк айыл өкмөтүндөгү мамлекеттик фондуга караштуу айыл чарба жерлерин ижарага берүү боюнча мөөнөттөрү жана старттык баалары төмөндөгүдөй бекитилсин :
1. Ижарага берүү мөөнөтү :
- айдоо жана кайрак жерлер үчүн 5- жыл.
2. Ижарага берүүдөгү старттык баалар:
- 1-га сугат жер - 5000 сом,
- 1-га кайрак жер - 2000 сом.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 29.06.2007 жылдагы № 1997 -111 Токтомунун 4- беренесинин 73- пунктусунун негизинде аз камсыз болгон үй- бүлөлөргө мамлекеттик фондусунан айыл чарба жерлерин ижарага берүү мөөнөтүн өлчөмүн жана баасын бекитүү боюнча :
- аренда акысынын өлчөмү - жер салыгынын өлчөмүндө ;
- арендага берүү мөөнөтү - 5 жыл.
Төрага: | Букаров Э.А. |