Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 14-февралы № 76-т
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:
1. 2024-жылдын 3-декабрында Сеул шаарында кол коюлган 2012-жылдын 11-декабрында Сеул шаарында кол коюлган Кош салык салууну болтурбоо, киреше жана капитал салыктарын төлөөдөн качууну алдын алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Протоколду ишке ашырууга жооптуу орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 3-декабрында Сеул шаарында кол коюлган 2012-жылдын 11-декабрында Сеул шаарында кол коюлган Кош салык салууну болтурбоо, киреше жана капитал салыктарын төлөөдөн качууну алдын алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2024-жылдын 3-декабрында Сеул шаарында кол коюлган 2012-жылдын 11-декабрында Сеул шаарында кол коюлган Кош салык салууну болтурбоо, киреше жана капитал салыктарын төлөөдөн качууну алдын алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө корей тарапка белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы № 76-т тескемеси менен жактырылган |
2024-жылдын 3-декабрында Сеул шаарында кол коюлган 2012-жылдын 11-декабрында Сеул шаарында кол коюлган Кош салык салууну болтурбоо, киреше жана капитал салыктарын төлөөдөн качууну алдын алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
2024-жылдын 3-декабрында Сеул шаарында кол коюлган 2012-жылдын 11-декабрында Сеул шаарында кол коюлган Кош салык салууну болтурбоо, киреше жана капитал салыктарын төлөөдөн качууну алдын алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол (мындан ары - Протокол) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык 2012-жылдын 11-декабрында Сеул шаарында кол коюлган Кош салык салууну болтурбоо, киреше жана капитал салыктарын төлөөдөн качууну алдын алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери: Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет, Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-ноябрындагы № 734-т тескемеси менен жактырылган.
Тышкы иштер министрлиги аркылуу Экономика жана коммерция министрлигине Макулдашуунун преамбуласына, 26-беренесинин 1-пунктуна, 27, 29-беренелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин нотасы келип түшкөн.
Протокол менен BEPS Инклюзивдик программасынын минималдуу стандарттарын аткаруунун алкагында Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмун (ЭКӨУ) типтүү конвенциясына шайкеш келтирүү сунушталат.
Белгилей кетсек, жаңы жоболор Кыргыз Республикасы менен Венгриянын, Чехия Республикасынын, Словакиянын, Азербайжандын, Нидерланд Королдугунун ортосундагы Кош салык салуудан качуу тууралуу ушуга окшош макулдашууларга киргизилген жана колдонулуп жатат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Кыргыз Республикасы менен Люксембургдун ортосундагы Кош салык салуудан качуу жөнүндө макулдашуунун долбоорунда жактырылган.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык Протокол Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ратификациялоого киргизилет.
Протокол ратификацияланган учурда финансылык чыгымдарды талап кылбайт, ошондой эле терс финансы-экономикалык жана башка кесепеттерге алып келбейт.