Загрузка документа…
КҮРПҮЛДӨК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН КҮРПҮЛДӨК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күрпүлдөк айылдык кеңешинин депутаттарынын VIII – чакырылышынын III – сессиясы
2025-жылдын 5-февралы № 13 / III- 4- 25-VIII
Мамлекеттик фонддогу айыл чарба жерлерин
ААК Кайынды-Кантка ижарага берүү
Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 18-ноябрь 2016-жылдын № 599 "Айыл жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобо тууралуу" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 токтомдун негизинде жана “Кайынды-Кант” ААКун башкы директору Шалюта А.В. арызынын карап чыгып Күрпүлдөк айылдык кенешинин депутаттары
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кайынды-Кант” ААКун башкы директору Шалюта А.В. №286 контурда аянты 252.9 га сугат жер жана №298 контурдан аянты 50.0 га кайрак айдоо жер тилкеси 5 жылдык мөөнөткө ижарага берилсин.
2. “Кайынды-Кант” ААКун башкы директору Шалюта А.В. айыл чарба жер тилкесинин ижарага колдонуунун төлөмү 1 гектарынын ижара акысы 7500 (жети миң беш жүз ) сом бекитилсин.
3. Күрпүлдөк айылдык кеңешинин чыгарылган токтому Панфилов районунун мамлекеттик каттоо башкармалыгына мыйзам ченинде аткарууга жиберилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлү Күрпүлдөк айыл өкмөтүнүн башчысы Т.З.Акпаров жана айылдык кенештин жер комиссиянын башчысы Ф.Абдрахмановко жүктөлсүн.
Төрага: | Букаров Э.А. |