Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 19-февралы № 2832-VII
«Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстин жана музыкасын даярдоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 11-декабрындагы № 2619-VII токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстин жана музыкасын даярдоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 11-декабрындагы № 2619-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
3-пунктта «20-февралына» деген сөздөр «21-апрелине» деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| Н.О. Сыдыгалиев |