Загрузка документа…
КҮРПҮЛДӨК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН КҮРПҮЛДӨК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күрпүлдөк айылдык кеңешинин депутаттарынын VIII – чакырылышынын III – сессиясы
2025-жылдын 5-февралы № 14 / III- 5- 25-VIII
Жайыт комитетинин тарифтерин бекитүү
Жайыт комитетинин төрагасы А.Эсенкуловдун 2025-жылына Күрпүлдөк айыл аймагына караштуу Жайыт комитетинин жайыт акыларынын тарифтик бааларын, айып пулдун бааларын айылдык депутаттарына сунушталып жана сессияда депутаттар карап чыгып, таанышып, талкуулап Күрпүлдөк айылдык кеңешинин депутаттары токтом кылат:
ТОКТОМ:
1. Жайыт комитетинин айыл өкмөтү боюнча 2025-жылдын 1-январына катталган мал башынын негизинде эсептелип, шарттуу мал башына чыгарылган киреше жана чыгаша сметасынын суммасы – 845600 сом бекитилсин.
2. Жайыт акыларынын баалары малдын ар бир түрү боюнча ири мүйүздүү чоң бодо малга 90 сом, ири мүйүздүү жаш бодо малга 63 сом, кой эчкилерге 18 сом, жылкыларга 90 сом жана 3% НСП салыгы менен кошо бекитилсин.
3. Суусамыр өрөөнүндөгү Күрпүлдөк айыл өкмөтүнө караштуу жайыттарды пайдалануучуларга: ири мүйүздүү боло малга, жылкыларга 70 сом, ири мүйүздүү жаш бодо малга 50 сом жана кой эчкилер 15 сом тарифи бекитилсин.
4. 2009-жылдын 26-январындагы №30 "Жайыттын нормалдык укук актысы жөнүндөгү" токтомдун негизинде жайыттык ветеринардык дарылоодон өткөн маалымдама каты жок, жайытка төлөнгөн жайыт акысынын квитанциясыз, пайдалануучуларга 5000 сом айыт пул салынсын.
5. Жазгы жайкы алыстагы жайлоодогу жайыттарга: уй торпоктору менен 10 баш, жылкы-кулуну менен 5 баш, кой-эчкилер, козу, улагы менен 100 баш болгон жайыт пайдалануучулар 2025-жылдын 15-майына чейин малын жайлоого айдатып чыгыш керек.
6. Жайытты пайдалануучуларга:
- айылдагылардын малын топтоп жайлоого айдап чыгуу үчүн айыл тегерегиндеги жайыттарга малдарды топтогонго - 10 (он) күндүк мөөнөт берилет.
- Күрпүлдөк айыл өкмөтүнө карабаган башка айылдардан малдарды топтоого уруксат берилбейт.
7. Жайыттарга жаныбарлардын өлүктөрүн таштап, таштандыларды төгүп булгагандарга 3000 (уч) миң сом айып пул салынсын.
8. Айыл кеңештин сессиянын токтомун, жайыт комитетинин талаптарын аткарбагандарга жылкы жана ири мүйүздүү малдарга-3000 (үч мин) сом, кой эчкилерге - 300 (үч жүз) сом айып пул салынсын.
9. Жогорудагы жайытка болгон талаптарды, чечимдерди аткарбаган жайыт пайдалануучуларга жергиликтүү бийлик, жергиликтүү кеңеш, Жайыт комитети болуп бирдикте чара колдонулсун.
10. Бул токтомдун аткарылышы” Күрпүлдөк-Чалдыбар” МИ башчысы Агыбаев Урматбек Мустафаевичке тапшырылсын.
Төрагасы: | Э.Букаров |