Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ АРХИТЕКТУРА, КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ
БУЙРУК
2025-жылдын 10-февралындагы № 88-чуа
Мектеп жана коомдук имараттар жана курулмалар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин айрым ченемдик-укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2024-жылдын 14-октябрындагы №27-16607 тапшырмасынын негизинде, ошондой эле мектеп жана мектепке чейинки мекемелерде балдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-июнундагы №44 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жобосун жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 30-августундагы №78-чуа буйругу менен бекитилген КР КЧ 31-08:2024 "Мектеп имараттары. Долбоорлоо ченемдери" Кыргыз Республикасынын Курулуш ченемдерине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 6.12-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"6.12. Жалпы билим берүү жана мектепке чейинки мекемелердин жер участоктору колдонуудагы ченемдик документтердин талаптарына ылайык бийиктиги 2 метрден кем эмес, бардык периметри боюнча тосмолору (темир) болушу керек жана окуучулардын имараттын кире бериш тарабынан көчөнүн жүрүүчү бөлүгүнө чуркап чыгуусуна тоскоол болуучу коопсуздук түзүлүштөрү болууга тийиш. Тосмону бойлото бак-дарактарды жана бадалдарды отургузуу менен жашыл бак-дарактардын тилкеси каралышы керек.".
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 13-декабрындагы №20-чуа буйругу менен бекитилген КР КЧ 31-04: 2018 "Коомдук имараттар жана курулмалар" Кыргыз Республикасынын Курулуш ченемдерине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 6.15-пункту төмөнкү редакциядагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Жалпы билим берүү жана мектепке чейинки мекемелердин жер участоктору колдонуудагы ченемдик документтердин талаптарына ылайык бийиктиги 2 метрден кем эмес, бардык периметри боюнча тосмолору (металл) болушу керек жана окуучулардын имараттын кире бериш тарабынан көчөнүн жүрүүчү бөлүгүнө чуркап чыгуусуна тоскоол болуучу коопсуздук түзүлүштөрү болууга тийиш. Тосмону бойлото бак-дарактарды жана бадалдарды отургузуу менен жашыл бак-дарактардын тилкеси каралышы керек.".
3. Архитектура, контролдоо жана техникалык ченемдөө башкармалыгы:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы №117 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө" токтомуна ылайык бул буйрукту расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн;
2) расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө, аталган буйруктун жарыяланган булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберсин;
3) бул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине маалымат үчүн жиберилсин.
4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо директордун орун басары Б.Б. Турдугуловго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги www.gosstroy.gov.kg расмий сайтына 2025-жылдын 10-февралында жарыяланды.
Директор |
| Н.К. Орунтаев |