Загрузка документа…
КҮРПҮЛДӨК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН КҮРПҮЛДӨК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күрпүлдөк айылдык кеңешинин депутаттарынын VIII – чакырылышынын III – сессиясы
2025-жылдын 5-февралы № 15 / III- 6- 25-VIII
Эксковатордун кызматтык тарифтерин бекитүү
“Күрпүлдөк-Чалдыбар” Муниципалдык ишканасынын башчысы Агыбаев Урматбек Мустафаевичтин 2025-жылына Күрпүлдөк айыл аймагына караштуу эксковаторунун тарифтик бааларын айылдык депутаттарына сунушталып жана сессияда депутаттар карап чыгып, таанышып, талкуулап Күрпүлдөк айылдык кеңешинин депутаттары токтом кылат:
ТОКТОМ:
1. Күрпүлдөк айыл аймагында 1- январь 2025-жылдан баштап муниципалдык ишкананын эксковаторунун кызмат көрсөтүү базалык ставкасы жергиликтүү калкка 1500 сомдон жана айыл өкмөтүнөн тышкары мекемелерге , тургундарга 3000 сом өлчөмүндө тарифи бекитилсин.
2. Токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигинин Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоого жана мамлекеттик реестрдин ченемдик актыларга киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышы Күрпүлдөк айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.О. Омуркулов жана Күрпүлдөк айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Урматбек кызы Чынарга жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун ишке ашыруусу бюджеттик комиссиясынын төр айымы М.Сатылгановага көзөмөл жүргүзүүсү жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышы “ Күрпүлдөк-Чалдыбар” МИ башчысы Агыбаев Урматбек Мустафаевичке тапшырылсын.
Төрагасы: | Э.Букаров |