Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 19-февралы № 2827-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2025-жылдын 19-февралындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши т о к т о м к ы л а т:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2025-жылдын 19-февралындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жунушалиева Гүлсүнкан Ишенгазиевнанын ант берүүсү;
Ар кандай маселелер;
«Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
«Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
«Нотариалдык иштин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
«Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстин жана музыкасын даярдоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 11-декабрындагы № 2619-VII токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө;
«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсүн шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу.
Төрага |
| Н. Тургунбек уулу |