Загрузка документа…
КҮРПҮЛДӨК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН КҮРПҮЛДӨК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күрпүлдөк айылдык кеңешинин депутаттарынын VIII – чакырылышынын III – сессиясы
2025-жылдын 5-февралы № 16 / III- 6-25-VIII
Иче турган суунун тарифтерин бекитүү
“Күрпүлдөк-Чалдыбар” Муниципалдык ишканасынын башчысы Агыбаев Урматбек Мустафаевичтин 2025-жылга Күрпүлдөк айыл аймагы боюнча иче турган суунун тарифтик бааларын айылдык депутаттарына сунушталып жана сессияда депутаттар карап чыгып, таанышып, талкуулап Күрпүлдөк айылдык кеңешинин депутаттары токтом кылат:
ТОКТОМ:
1. Күрпүлдөк айыл аймагында 1- январь 2025-жылдан баштап муниципалдык ишкананын иче турган суусунун базалык ставкасы жергиликтүү калкка жана айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан мекемелерге биринчи тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигинин Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоого жана мамлекеттик реестрдин ченемдик актыларга киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышы Күрпүлдөк айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.О. Омуркулов жана Күрпүлдөк айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Урматбек кызы Чынарга жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун ишке ашыруусу бюджеттик комиссиясынын төр айымы М.Сатылгановага көзөмөл жүргүзүүсү жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышы “ Күрпүлдөк-Чалдыбар” МИ башчысы Агыбаев Урматбек Мустафаевичке тапшырылсын.
Төрагасы: | Э.Букаров |