Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 2-октябры № 2407-VII
Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлери менен кайтарылып берилген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 59 жана 60-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2024-жылдын 26-июнунда кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлери менен кайтарылып берилген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобу төмөнкү курамда түзүлсүн:
1) И.К.Кубанычбеков - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин мүчөсү, макулдашуу тобунун тең төрагасы;
2) Ш.К.Ташиев - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, мыйзам долбоорунун демилгечиси;
3) М.М.Бектурганов - Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары, макулдашуу тобунун тең төрагасы;
4) А.Д.Абдылдаева - Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлчүлүгүнүн эксперти.
2. Макулдашуу тобу жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдын макулдашылган вариантын жана түзөтүүлөрдүн таблицасын 30 жумуш күндөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| Дж.К. Исаева |