Редакцияот 04.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

 2024-жылдын 4-сентябры № 2331-VII

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө

 

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 59 жана 60-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобу төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:

1) Козуев Алишер Абибиллаевич - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин мүчөсү;

2) Ибраев Таалайбек Өмүкеевич - Кыргыз Республикасынын энергетика министри;

3) Ашырбаев Эрнис Мирзараимович - Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнүн орун басары;

4) Дуйшеева Жибек Курманбековна - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары.

2. Макулдашуу тобу жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдын макулдашылган вариантын жана түзөтүүлөрдүн таблицасын 30 календардык күндөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

 

Н.Т. Шакиев