Загрузка документа…
ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИН I- ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН 3- КЕЗЕКТЕГИ СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 29-январындагы №16
Оргочор айыл аймагында үй – бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду узатуу,
сөгүн жайга коюу боюнча ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө
ЖОБОну бекитүү
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы “Кыргыз Республикасында үй – бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын иретке келтирүү чаралары жөнүндө” ПЖ № 54 Жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы “Кыргыз Республикасында “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө”Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу” ПЖ №296 Жарлыгына ылайык, 2025-жылдын 14-январындагы аймактын имамдары менен болгон жыйындын жана 2025-жылдын 16-январындагы аймактын коомдук уюмдары жана айыл тургундары менен болгон чогулушта талкууланып, жыйынтын катышуучуларынын сунуш –пикирин эске алуу менен Жобо иштелип чыгып сессиядан бекитүүгө сунушталган. Жергиликтүү кеңешинин “Социалдык маселер, маданий өнүгүү, укук жана спорт маселелери” боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы А.Молдокматованын 2025-жылдын 23-январындагы отурумундагы билдирүүлөрү угулуп жана талкууланып жергиликтʏʏ кеӊеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы “Кыргыз Республикасында үй – бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын иретке келтирүү чаралары жөнүндө” ПЖ № 54 Жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы “Кыргыз Республикасында “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө”Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу” ПЖ №296 Жарлыгына ылайык иштелип чыккан Жобо алымча-кошумчасы менен 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жобого ылайык иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы Ж.Жумашовго милдеттендирилсин.
3. Токтомду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб-сайтына жайгаштырып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн иш кагаздарын алып баруу жагы жергиликтүү кеңешинин жооптуу катчысы Э.Тариеловага тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө алуу жагы жергиликтүү кеңешинин “Социалдык маселер, маданий өнүгүү, укук жана спорт маселелери” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага А.Тыныбеков