Загрузка документа…
ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИН I- ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН 3- КЕЗЕКТЕГИ СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 29-январындагы №17
Оргочор айыл аймактын жергиликтүү жамаатынын
Уставын бекитүү жөнүндө
Оргочор айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы - жергиликтүү жамааттын ич-ара жашоо-турмушун негизги эрежелерин жана принциптерин жөнгө салуучу, жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин кароочу, жергиликтүү жамааттардын бюджеттик процесстерге катышуусун кошкондо жергиликтүү маанидеги маселелерди жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынбаган жергиликтүү өз алдынча башкаруу ишинин башка маселелерин чечүүдө жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн бири- бири менен жана жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара мамилелеринин тартибин кароочу акт. Сунуш –пикирлерди эске алуу менен Устав иштелип чыкканы боюнча Жергиликтүү кеңешинин “Социалдык маселер, маданий өнүгүү, укук жана спорт маселелери” боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы А.Молдокматованын 2025-жылдын 23-январындагы отурумундагы билдирүүлөрү угулуп жана талкууланып жергиликтʏʏ кеӊеши токтом кылат:
Төрага А.Тыныбеков