Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 17-февралы № 77
Кыргыз Республикасынын кесиптик билим берүүнүн онлайн билим берүү уюму жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу
Онлайн окутуу методу менен кызмат көрсөтүүчү билим берүү уюмдарынын ишин тартипке келтирүү жана системалаштыруу максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесин аткаруу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын кесиптик билим берүүнүн онлайн билим берүү уюму жөнүндө типтүү жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан билим берүү уюмдарынын каражаттарынын чегинде, ошондой эле аларды уюштуруучулардын каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |