Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 20-февралы № 84
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 249 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 1-бөлүгүнүн 12, 18, 19-пункттарын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 249 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө жободо:
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги (мындан ары - Министрлик) саламаттык сактоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу жана ишке ашыруучу жана башкарууну жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин борбордук мамлекеттик органы болуп саналат.";
- 6-пунктта:
3-пунктчанын төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын региондук саламаттык сактоо органдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына караштуу саламаттык сактоо боюнча координациялык комиссиялар аркылуу менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарынын ишин контролдоону жүзөгө ашырат;";
- 5-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"- Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасын ишке ашыруучу саламаттык сактоо уюмдарын республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен беренесиз негизде каржылоону камсыз кылат;
- Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасын ишке ашыруучу саламаттык сактоо уюмдарынын финансылык туруктуулугун жана финансылык тобокелдиктерин минималдаштырууну камсыз кылат.".
2. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2024-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 25-февралындагы № 14 (3670) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |